Меню
Эл-Сөздүк

жем

жем (тоют)
жем баштык
жем болуу
жем жеген акыр
жем таштоо
жем түшүү (ылаң)
жем-чөп
жемкана

жем

жем (тегирмендин бөлүгү)

жем

I зат.. 1. Малга берилүүчү дан, тоют. Койлор арпа, күнжара, урпак аралашкан жемди бурдуга сугунушту (Убукеев). Жемдик арпа, сулу кампаларда толуп турду (Сасыкбаев).
2. Канаттуулардын жей турган жалпы эле азыгы, тамагы. Балдарына жем издеп, Каркыра кетти бечара (Тоголок Молдо). Тоокторго жем чачуу.
¨ Жем болуу — алдануу, бирөөгө акысын же башка бирдемесин алдырып жиберүү, талоонго калуу. Кыргыздар көрүнгөнгө жем болуптур, Көзүнөн жашы агып сел болуптур (Турусбеков). Жабыр көрдүк бир далай Кан соргучка жем болуп (Тоголок Молдо). Жем салды кылуу — аз гана, болор-болбос гана таткантып коюу. Ак жем — алгыр куштар семирбесин үчүн сууга салып берилүүчү эт. Кош жем болуу — жемди, тамакты көп жеп, күптү болуп калуу, жемге, тамакка көңүлү тартпай калуу. Алымдын жанында отурганы чыныны колуна алып, кош жем болгон кулаалыча кекейип туруп, чайды бир ууртады (Жантөшев). Жемин жедирбөө — башка бирөөгө акысын кетирбөө, алдатпоо. [Жамийла да].. бирөөгө жемин жедирбеген өжөр (Айтматов). Андай учурда Жылдызкан жемин жедирмек беле (Байтемиров).
ЖЕМ II зат. Тегирмендин чанагынан түшүп жаткан данды кичинеден жана бир калыпта чубурта турган, чанактын алдына орнотулган бөлүгү. Жемден шыркырап чубурган кайрактын кызыл буудайы үбөлүп аппак ун болуп, чоң ящикке эленүүдө (Сыдыкбеков).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санжем
Көптүк санжемдер
Байланыштуу сөздөр
арпа
талкан
чөп
Жөндөлүшү - "жем"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?жем
Илик Кимдин? Эмненин?жемдин
Барыш Кимге? Эмнеге?жемге
Табыш Кимди? Эмнени?жемди
Жатыш Кимде? Эмнеде?жемде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?жемден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?жемдер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?жемдердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?жемдерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?жемдерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?жемдерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?жемдерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: