Меню
Эл-Сөздүк

ара

ара (орто, чала)
ара жол
ара зат
ара кон-
ара күндүк
ара күнчүлүк
ара тиш
ара-торо
ара төрөө
ара-чолодо

ара

зат. 1. Ортодогу аралык, бош жер, боштук. [Тегерек-Суу].. эки асканын арасы менен жайыла жылма агып, күрпүлдөгөн үнүн.. жашыргансыйт (Жантөшев). Күмүш канат күндүк эле жол кылды Москва менен Фрунзенин арасын (Аалы).
  1. 2.                  Бир мезгил менен экинчи мезгилдин ортосу. Антип-минтип арадан эки күн өттү (Жантөшев).
  2. 3.                  Ортодогу мамиле, катнаш, байланыш. Андай бузук адамдар, Агайинден жат кылып, Бузуп коёт араңды (Токтогул). Ачылып барат арабыз, Келишкен кепке жете албай (Тоголок Молдо).
  3. 4.                  Убагына жетпеген, маалына жетпей туулган. Ара козу. Ара төрөлгөн бала.
  4. 5.                  Айлана, жакын жер, аралык. Бул араны Нурбай такыр көрбөгөн (Аалы).

Өз ара к. өз. Тез арада же жакын арада — аз убакытта, аз убакыттын ичин де. Ара күндүк — жолго конуп жете турган. Ара конуу к. кон. Ара чолодо к. чоло. Ара жолдо калуу к. жол. Чек ара к. чек. Ара бөк — же ары жакта эмес, же бери жакта эмес, орто жерде, абалы ачык эмес. Чоң тору ат экөөбүз.. кара жолдо ара бөк келатабыз.. (Сыдыкбеков). Кол арага жарап калуу — майда-чүйдө иштерге жардамдашууга жарап калуу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санара
Көптүк санаралар
Жөндөлүшү - "ара"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ара
Илик Кимдин? Эмненин?аранын
Барыш Кимге? Эмнеге?арага
Табыш Кимди? Эмнени?араны
Жатыш Кимде? Эмнеде?арада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?арадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?аралар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?аралардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?араларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?араларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?араларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аралардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: