-
аба
-
I зат.. 1. Жалпы эле өзүнөн улуу эркектерге кайрылганда айтылуучу сөз. Асманга шилтеп кызылын Абамдар кырман сапырды (Мидин). Эрмек болуп берейин, Кулак салгын, жаштарым, Картайган Токоң, абаңа! (Токтогул).
2. диал. Өзүнөн улуу эркек бир тууган, ага, аталаш туугандар, байке. — Мендирман абам !— деди да, Бала тышка чуркады (Жантөшев).
АБА II зат. 1. Жердин атмосферасын түзүүчү, негизинен азот менен кислороддон турган газдардын аралашмасы.
Таза абада жүрсөң, көңүлүң ачык болот, эч жериң оорубайт (Абдумомунов).
2. Асман мейкиндиги, көк. Балдардын коңгуроолуу таза үндөрү жаңыра чыгып абага көтөрүлдү (Сыдыкбеков). Абада куштай айланган, Учкуч болуп алсакпы? (Барпы).
3. Климат. Абасы салкын, атыр жел, Ак кардуу жайык төрдө экен («Олжобай мекен Кишимжан»). Жери, суусу, абасы тез өзгөрттү, Жаш болсом да башымда ак чачтар бар (Осмонов).
♦ Аба ырайы — атмосферанын абалы (тумандуулук, нымдуулук, жаан-чачын, абанын температурасы ж. б.).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | аба |
Көптүк сан | абалар |
Жөндөлүшү - "аба"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | аба |
Илик Кимдин? Эмненин? | абанын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | абага |
Табыш Кимди? Эмнени? | абаны |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | абада |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | абадан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | абалар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | абалардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | абаларга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | абаларды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | абаларда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | абалардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
RU
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
аба