Меню
Эл-Сөздүк

ээ

ээ (кожоюн)
ээ бербөө
ээ болуу
ээ-жаа бербөө
ээ кыл-
ээсине берүү

ээ

ээ (сырд.)

Ээ

Ээ – кыргыздардын салттуу түшүнүгүндө ыйык жайлардын, жерлердин жана жан-жаныбарлардын колдоочусу. Ишеним боюнча айрым бир жайларга, жерлерге, жаныбарларга тиешелүү колдоочу өкүм сүрүп, ал ошол жердин, жаныбардын ээси катары эсептелген. Мис., булактын ээси, мазардын ээси, жаандын ээси, күндүн ээси, ашуунун ээси ж.б., аларды ыйык тутушуп, сыйынышкан жана курмандык чалышкан. Ыйык жерлерге же бейиттерге бакан сайып, ага ар түрдүү түстөгү чүпүрөктөрдү байлашкан. Кырсык баскан учурда, аял көпкө чейин төрөбөсө, балдар токтобосо ж.б. кырдаалдарда касиеттүү ээси бар деп эсептелген жерлерге түнөп, курмандык чалышып сыйынышкан, ээсинен ырайымдуулук сурап жалынышкан. Кыргыздардын жер-суу аттарында “ата” деген сөз уланып айтылганы ушул ишенимге түздөн-түз байланыштуу. Мис., Кочкората, Ысыката, Чолпоната, Камбарата ж.б. Алар адамдарга тирүү жан катары көрүнгөн. Мис., булактын ээси ак тайлак, канаттуу жылан, ала бугу ж.б. Айрым аймактарда курмандыкка союлган малдын этин жешкенден кийин сөөктөрдү бир жерге топтоп, айлана-тегеректеги таштарга май жалаткан. Ушундай жол менен колдоочуну тамактандырып жаткандай болушкан. Көпчүлүк учурларда адамдын өлүмүн кабарлаганда ээси алды, ээсине бердик деп да айтышат (Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. – Б., 2003. 447-б.).

ээ

I зат. 1. Кожоюн, өз менчигине тиешелүү мүлктүн, байлыктын ж. б. башкаруучуcу, кожоюну. Өзүң көргөн көп малга, Ээ болчу түк адам жок (Үсөнбаев).
2. Бир нерсени башкара, пайдалана билген, жөнүн билген киши. Азыркы техниканын ээсижаштар.
3. грам. Сүйлөмдөгү ойдун негизин ээлеген сөз.
ЭЭ II: ээ-жаа бербөө — токтоо бербөө, улам күчөө, албууттануу, тажаалдануу. Бурулчанын ачуусу келгенде булкунуп, ээ-жаа бербей кетме жайы бар (Байтемиров).
ЭЭ III сырд. Бир нерсеге кайрылганда, нааразыланып же көңүл бөлбөй койгон учурда айтылат.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санээ
Көптүк санээлер
Жөндөлүшү - "ээ"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ээ
Илик Кимдин? Эмненин?ээнин
Барыш Кимге? Эмнеге?ээге
Табыш Кимди? Эмнени?ээни
Жатыш Кимде? Эмнеде?ээде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?ээден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?ээлер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?ээлердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?ээлерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?ээлерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?ээлерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?ээлерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: