Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эсептерди жабуу

ЭСЕПТЕРДИ ЖАБУУ – өзүнөн кийин эсепбеттери сальдого ээ болбогон (эчтеке калбаган) жазуулар. Бетесептер объекттеги эсептөөнүн абалына байланыштуу жабылышы ыктымал. Айрым бетэсептердин кезек-кезек жабылуусу аракеттеги эсептөөнүн жобосунда каралат.

Эсептерди жабуу

ЭСЕПТЕРДИ ЖАБУУ – мамлекеттик бийлик органдары тарабынан банк эсеп ээлерин каражаттарын эркин пайдалануу укугунан ажыратуусу. Белгилүү экономикалык же саясый максаттарга жетишүү үчүн ишке ашыралат. Алардын 3 түрүн бөлүп көрсөтүүгө болот: башка өлкөгө экономикалык санкциялар; волюталык жана кредиттик чектөөлөр; сот органдарынын эсеп ээсине коюлган доо боюнча чечимдери. Э. ж. толук жана жарым-жартылай болушу ыктымал. Адатта, толугу экономикалык санкция катары (негизинен согуш учурларында же саясый катуу каршылашуулардын кырдаалында), жарым-жартылайы – капиталдын чет жакка агууларын кармоо максаттарында пайдаланылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: