Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: психологический afterimage
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ШЫМ
 

ШЫМ

 
«Кош кобулдап тиштелген, Ичине буулум ичтелген» («Манас»), Ал кең багалектүү сырт кийим, чалбар. Мунун жердиги кездемеден да, териден да, таардан да болот. Ошондуктан, кездеме шым, тери шым, таар шым деп айтышкан. Кой, эчки, теке, аркар, кулжа, жейрен өңдүү жандыктардын жана башка кайберендердин терисинен жаргак шым (кандагай), тери шым (чалбар) жасалган. Жаргак шым жука жана жеңил болгондуктан жылуу мезгилдерде, улут оюндарында кийилген. Жаргак шымды тигүү үчүн терини чылгый чагында жүнүн бычак менен алып, малмага салат. «Ашаткысын эринбей, Аярдык менен Каныкей, Жез челекке жаткырып»... (Манас). Ашаткыны боюна абдан сиңирип, ийленген анын ышкын түп, чүкүрү, эңгилчек сыяктуу өсүмдүктөрдүн тамырынан, сабагынан жана кабыгынан алынган кол боёктор менен боеп, жүзүнө чыгарышкан. Анын багелеги нукум-сөөмөй шара тилинип жасалат. Бычылган шымдын бөлүктөрүнүн тигиштерине чыйратылган кебез жиптен каттай «ыскыт» (милте, жээк) кынаптала коюлуп, тигиштери тиштетилип тигилет.
      Муну, күндүн көзүн тийдирбей, кунтуйтуп каттырбай, табы менен иштетет. Жаргак шымга бышык кездемеден эки элидей көбөө коюлат. Шымдын багалегинин шара тилигинин эки өңүрү жана этигине көркөм оюмдун сайма көчөттөрүн түшүрүшкөн. Ал кооздуктар кездеме шым жана кемселге түшкөн көчөт-оюмдарга үндөшүп кетет. Аны көбүнчө ботонун жүнүнөн ипичке ийрип, чыйрак чыйратып, челдеп, түрдүү ыраңга боеп, ийне сайма аркылуу жүзөгө ашырат. Мындай шымды «кештелүү шым» деп айтат.
      Тери шым (чалбар шым) ичи түктүү келет да, суукта кийилген. Анын жердиги көбүнчө кой-козунун терисинен болот. Аны адегенде челдеп, ашатып алып, анан өңдөп (бордоп), ага ышкын түп жабат. Же ошол өңдөлгөн боюнча эле бычылат да, тигиштери көк, кара өңдө милтеленип, багалегинин учу да адими кездемден төрт-беш элидей көбөөлөнөт.
      Таар шымдын жердиги, албетте, жүн болот. Көбүнчө төөнүн, койдун жүнү текши, ичке ийрилип, жип чыйрак чыйратылат. Буга курулган өрмөк башка таар буюмдарындай эле эндүү согулат. Согулган жердик өлчөнүп бычылат. Тигиштерине кош каттала чыйратылган башка өңдөгү жиптен милте коюлат.
      Кыргыздарда тепме шым да болгон. Аны жасоодо уздар тепме чепкендин ыкмасын колдонушкан.
      Кездеме шымдын жердиги чий баркут, баркут, трайке өңдүүлөрдөн болот. Жаштар кие турган шымдын шара тилик багалектерине жаргак шымдыкындай көбүнчө көк, кызыл, жашыл жиптер менен сайма көчөттөрүнүн жана көркөм оюмдарынын түрлөрү жарашыктуу түшүрүлөт.

шым

 
шым
шым болуу

шым

 
зат. Эркектин багалектүү, белден тушарга чейин кийилүүчү сырт кийми. Шахтёрлордун кийгени резина өтүк, брезент шым, катуу каска (Сасыкбаев).
Шым болуу — уялуу, маскарасы чыгуу, шылдың болуу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик саншым
Көптүк саншымдар
Байланыштуу сөздөр
шымдан
багалек
Жөндөлүшү - "шым"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?шым
Илик Кимдин? Эмненин?шымдын
Барыш Кимге? Эмнеге?шымга
Табыш Кимди? Эмнени?шымды
Жатыш Кимде? Эмнеде?шымда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?шымдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?шымдар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?шымдардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?шымдарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?шымдарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?шымдарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?шымдардан

Найти все переводы слова "ШЫМ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ШЫМ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru