Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: hammer
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ЧОЛПУ
 

ЧОЛПУ

 
(ЧАЧУЧТУК, УЧТУК) — «Чач учтугун шурудан, таппадым сендей сулуудан» (эл ыры). — Бул — зер буюму, кыз-келиндерибизге таандык көрүнүктүү септердин бири. Буга узануунун ар кандай жолдорунун бири буюмдун тегерек табакчаларынын ортосунан бир табакча чыгарылып, тегерек-четтери күмүш зымчалар менен торчолонот. Анын бети «сыялоо» (сыя төгүү) же «чапкылоо» (из түшүрүү) аркылуу көркөм оюм түшүрүлөт.
      Же асыл таштарды чөгөрүү үчүн анда өзүнчө жатак жасалат. Үч канат чолпунун ортолугу «жүрөкчө», «тумарча» жана «төрт бурчтуу» болуп маңдайына кооздук берүү — зергерчиликте жеринен салттуу көрүнүш. Чолпунун ар бир табакчасына кандай көркөм оюмду ыроолош — ал зергердин жекече чеберчилигине байланышат.
      Аялдардын бул асем буюмунун көркөмдүгүн дагы арттыруучу жагдайы үчүн мында түрдүү түстөгү суу мончокторду жана шуруларды тизүү керек. Ал күмүш менен кынапталат. Зергерлер буга да түрдүүчө узанат. Абалы, буюмдун «тумарчасын» жасап алат. Ал жазы болот да, ошол тумарча темирдин бетине жаркырата күмүш жалатып, ага кооз оюм-чийимди түшүрүшөт.
      Же, жамбы күмүштү эритип, ага башка металлдарды аралаштырып, мында күмүштү көбүрөөк кошуп чолпу жасалган. Күмүш бетиндеги оюм-чийимдер кийизге түшкөн «мүйүз», «кыял», «бармак боочу», «карга тырмак», «айчык» оюмун элестетет.

чолпу

 
чолпу

чолпу

 
зат. Көбүнчө келиндер чачка тагуучу, бирине-бири тизилген тегерек тыйын сыяктуу кумүштөн кооздотулуп жасалган жасалга. Силердин кыргыздар менден көбүнчө.. чолпу, чачпактык жасалгаларды.. алыша турган (Абдукаримов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчолпу
Көптүк санчолпулар
Жөндөлүшү - "чолпу"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?чолпу
Илик Кимдин? Эмненин?чолпунун
Барыш Кимге? Эмнеге?чолпуга
Табыш Кимди? Эмнени?чолпуну
Жатыш Кимде? Эмнеде?чолпуда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?чолпудан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?чолпулар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?чолпулардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?чолпуларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?чолпуларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?чолпуларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?чолпулардан

Найти все переводы слова "ЧОЛПУ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧОЛПУ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru