|
УЗ
|
|
«Карасам тиктеп алыстан, Калпагы окшош тоосуна. Кандай уз тикти болду экен, Карегим түштү коозуна» (Байдылда). Бул — көбүнчө аялдардын көркөм буюмду жаратуучу чебери, кылдаты. Ага оймочу, саймачы, түймөчү, чырмакчы, бычмачы, токуучу, өрмөкчү жана башка элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын толук сактап кармагандар кирет. Ал кооздолуучу буюм-кечеге аздыр көптүр жаңылыктарды жана толуктоолорду киргизүү менен чебер-аткаруучуларга (шакирттерине) насаатчылык кылат. «Оңунан келген иш эле, Оймоктуудан уз эле» («Манас») деп айтылат.
|