Меню
Эл-Сөздүк

ТОПУ

«Желкеден чыгып топусу, Жейрен шым бутта калдырап» (Казыбек). Бул — тегерек баш кийим. Илгери топу ар кандай кездемелерден төбөсү кууш бычылып, бүйрө тигилип, ак кездеме менен ичтелип кештеленген.
      Кыз-келиндер төбөсү бийик жана кууш топу кийишкен. Бара-бара ал ар кыл түстөгү жердиктен төбөсү менен алкагы тегерек жана жапыз тигилип, зер, бермет, шуру, акак өңдүүлөр менен кооздолуп, үкү (канаты) тагылган. Кийин топу бир түстүү кездемеден эле төрт бурч сымал жээги бир бүтүн келип, төбөсүндөгү төрт талаасы саймаланган. Эркектердин топусу ак, кара, жашыл, көк өңдүү кездемелерден тигилет да, мунун тегерек, төбөсү бөрктүү (чокчо) түрлөрү бар.
      Калпак менен тебетейдин ичинен такай кие турган тегерек топуну «ичмек топу» дейт. Ал тебетей менен калпактын ичин кирдетпейт. Топучан отурууга да болот. Ал көбүнчө кир көтөрүмдүү баркут, чийбаркут, трайке сыяктуу адими кездемелерден болот да, кырбуусун өзүнчө, төбөсүн өзүнчө бычып алып, колдо бүрүп да, машинада тигип да кармайт. Ал эми төбөсү чокчо ак топуну «тепчиме топу» деп айтат. Аны уздар учуктуу ийне аркылуу колдо тепчип, ага да «секирме сайма» (бири-бирине улаштырылбай сайылган сайма) берилет. Ак топу ичмек топудай такай малакай, тебетей менен калпактын ичинде жүргөн эмес, атайын төрт бүктөп жанда ала жүрүп, же үйдө бир жерге таза коюп, сөөлөт катары карыялар кийүүгө шартташкан.
      Кыз балдардын топусун «такыя топу» дейт. Ал көбүнчө жашыл, кызыл, көк өңдөгү кыжымылардан, тасбаркуттан жасалат. Бул баш кийимдин төбөсү менен алкагы жапыс жана тегерек тигилет. Төрт талаа (төрт бурч) болуп жээктелет. Төбөсү томпок, ортосу учтуураак келип, топуга тегерете көркөм көчөттөр «кыял оюм», «бадам оюм», «ийрек оюм», «бычак учу оюм» өңдүү кооздуктарга окшошот.
      Көркөм көчөт-оюмдардын ордуна акак таш, шуру, бермет өңдүү асыл заттарды ийректете тизип, алтын-күмүш торчолор менен курчайт. Мунун «бүйүрмө топу», «кайырма топу», «малакай (макабай) топу» сыяктуу түрлөрү бар. Бул баш кийимди кийүүдө жана тигүүдө аймактык бөтөнчөлүктөр байкалат.

топу

зат. Жука тигилген жеңил баш кийим. Сайма топу. Ала топу. Кызыл топу (Ашубаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сантопу
Көптүк сантопулар
Синонимдери
элечек
допу
Байланыштуу сөздөр
топучан
Жөндөлүшү - "топу"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?топу
Илик Кимдин? Эмненин?топунун
Барыш Кимге? Эмнеге?топуга
Табыш Кимди? Эмнени?топуну
Жатыш Кимде? Эмнеде?топуда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?топудан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?топулар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?топулардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?топуларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?топуларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?топуларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?топулардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: