Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ТОН
 

ТОН

 
(Бостон) — «Ак боз ат минип теңселип, Ак күбө тонду белсенип, Ак сакалы сеңселип» (Манас). «Тон кадырын ээси билет» — (макал). Бул — койдун, эчкинин, кийиктин терисинен жүнү ичине каратылып жасалган кышкы сырт кийим. Тери тон сөөлөт үчүн да кийилет. Мунун бучкактарын да жерге таштабайт, андан курак көлдөлөң, балдарга кийим-кечек бычылат. Малдын, кайберендердин жана аң терилери көчмөңдүү элдин турмуш-тиричилигинде тигил же бул кийим-кечелерди жасоого өтө керектүү жердик болгон. «Тогуз катар торкодон, токту акемдин түгү өттү» — деген накыл айтылат.
      Тон — өңдөлгөн (бордолгон) тон, ышкын түп жапкан тон (боелгон) тон делинет. Карыяларыбыз көөлбүп кие турган тондун жакалык көрпөсүнүн жүнүнүн узундугу эки-үч элидей болот да, адатта, тармал кара көрпөдөн салынышы нарктуу көрүнөт. Анын өңүрү жана этек-жеңинин жүнү кыска кара көрпөдөн болот. Кара кыжымыдан, чий баркуттан эни карыштай жана андан жазыраак көбөө коюлат. Тондун этек-жеңинин, өңүрүнүн көрпөсүнүн жүнү жайкалып чыгып турат.
      Тон топчуланбайт. Кол башы менен түрлөнүп чалынган, топ чачыланган боо аркылуу байланат. Күмүш сакалдарын жайкалтып, каалгый кийген мындай сырт кийимдин ичи да кара көрпөдөн болушу тийиш. Тондук тери боедон өткөндөн кийин аны кийген чакта куучуйуп тарып кетпеши үчүн керип-чоюп, колдо ийлеп, булуң-бурчтарын керип тырмактап бычкан. «Жымырата тиктирген, Жылаан боор бүктүргөн» (Калык). Тигишин жаткызыш үчүн тиштеткен.
      Жоого каршы аттанганда кийүүчү тонду «туулга тон», «чарайна тон» деп аташкан.
      Кийинчерээк уздар бүйүрмө тон да тигишкен. Анын этеги жайылып кенен, бели беш-он жеринен бүйрүлүп, көкүрөк тарабы денеге чакталып бычылат. Анын көбөөлөрүнүн эни эки элидей келет да, жүнү кыска ак, кара көрпөдөн болот. Мында көбөө кийимдин этек-жеңинен, өңүрүнөн сырткары төштүн эки жагына да бастырылат. Бүйүрмө тондун жакасы пальтонукундай болот да, буга көбүнчө темир илгич коюлат. Антип көбөөлөнбөй, бүйүрмөлөнбөй эле жакалуу же жакасыз этек-жеңи кенен тондор да тигилет. Тонду тигүүдө жана кийип жүрүүдө да аймактык айырмачылыктар көрүнүп турат.

тон

 
тон (кийим), тонго
тонун чечип алмак беле
тон бычуу
тон-тобур

тон

 
тон (муз.), тонго

тон

 
тон (түс) тонго

тон

 
I. зат. 1. Иштелген, өңдөлгөн койдун терисинен жүн жагын ичине келтирип жасалган сырт кийим. Суукка тоңгон кишиге, Кур териден тон кызык (Осмонкул). Уй териси тон болбойт, Урушчаак киши оң болбойт (макал).
2.
Жалпы эле сырткы кийим. Торко тон менен жайкалып, Байбиче жолго салыптыр («Манас»). Камка тонун Каныштын Башына чүмкөй жамынды («Мендирман»).
3. Баланы азыктандыруу жана зат алмаштыруу үчүн, боюнда бар аялдын жатынынын ичине жаралуучу орган. Айша Алымды төрөп тону түшпөй каза тапты (Жантөшев).
ТОН II зат. Музыкалык үн.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сантон
Көптүк сантондор
Синонимдери
чепкен
чапан
ичик
Байланыштуу сөздөр
тондо
тондук
Жөндөлүшү - "тон"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?тон
Илик Кимдин? Эмненин?тондун
Барыш Кимге? Эмнеге?тонго
Табыш Кимди? Эмнени?тонду
Жатыш Кимде? Эмнеде?тондо
Чыгыш Кимде? Эмнеде?тондон
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?тондор
Илик Кимдердин? Эмнелердин?тондордун
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?тондорго
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?тондорду
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?тондордо
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?тондордон

Найти все переводы слова "ТОН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ТОН"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru