Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

МААНИКЕР

МААНИКЕР — Көкөтөйдүн тулпары, ал өлгөндөн кийин уулу Бокмурунда калат.
Б. Жумабаев. Мааникер.
Б. Жумабаев. Мааникер.

Көкөтөйдүн ашында Бокмурун Айдарга эл чакыртканда М-ди мингизет. Ашка келген кытай-калмак баатырлары Коңурбай, Жолой М-дин тулпарлыгына кызыгып, ашта чатак чыгарып М-ди берүүнү талап кылат. Бокмурун М-ди берүүнү чечет. Буга Манас кырк чоросу менен кийлигишип, тулпар ээсинде калат. М-дин артыкча сапаты эпосто:
Кечип чапса чок өтпөс,
Кездеп атса ок өтпөс.
Жазайыл менен топ жетпес,
Жанаша атса ок жетпес (Сагымбай Орозбаков, 3. 87),— деп сүрөттөлөт.

Айрым варианттарда мисалы, Актан Тыныбек уулунун айтуусунда «Мааникердин окуясы» деген өзүнчө эпизод бар.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: