Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Комбатанттар

КОМБАТАНТТАР (фр. combatant – жоокер) – эларалык укукта каршылашып жаткан тараптардын куралдуу күчтөрүнүн курамына кирүүчү жана согуш аракеттерине түздөнтүз катышуу укугуна ээ болгон адамдар (1949-жылкы Согуш курмандыктарын коргоо жөнүндөгү Женева конвенцияларына Кошумча (1977-ж.) I протоколдун 43-ст., 2-п.). К. жөө аскерлердин, аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүнүн өздүк курамын; партизандарды, өз ыктыярдуу кошуундардын өздүк курамын, эгер алар согуштук кемелерге кайра жабдылган болсо, деңиз соода кемелеринин жана жарандык авиация учактарынын экипаждарын камтыйт. Эгер согуш салттарын жана мыйзамдарын сакташса жана курал-жарактарды ачык алып жүрүшсө, кандай гана болбосун көтөрүлүшчүлөрдүн жана каршылык көрсөтүүчүлөрдүн убактылуу кошуундары К. катары таанылуулары мүмкүн. Комбатант эместерден айырмаланып К-га карата согуш аракеттеринин учурунда жоготууга чейинки баардык чараларды колдонууга болот. Душман тарапка колго түшүп калган К. (согуш аракеттерине мыйзамсыз катышып жүргөн адамдардан айырмаланып) согуш туткундарынын режиминен пайдаланышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: