Меню
Эл-Сөздүк

Командировка

КОМАНДИРОВКА – уюмдун жетекчисинин тескемеси боюнча кызмат тапшырмасын аткаруу үчүн кызматкердин туруктуу иштеген жеринен сырткары барып келүүсү. К-га барып келген, анын ичинде жолдо жүргөн учурдун баарында, ал адамдын жумуш орду (кызмат орду), орточо айлык акысы сакталып турат. Жолдо жүргөн жана К-да болгон арбир күнү үчүн, жөнөгөн жана кайра келген күндөрүнө кошо кызматкерге суткалык төлөнүп берилет. Ошондой эле туракжай жалдоого компенсация берилиши ыктымал. К-га барчу жерине жетүүчү жана кайра келүүчү чыгымдары тийешелүү жолдо жүрүү документтерине ылайык төлөнөт.

командировка

командировка (иш сапар)

командировка

зат. 1. Туруктуу иш жайынан тышкары жактарга барып аткарууга, орундатууга туура келүүчү кызмат жагынан берилген тапшырма.
2. Ушундай тапшырма боюнча бир жакка (тышкары жактарга) чыгуу. Командировкасын көздөп жүрүп кетти (Сыдыкбеков). Командировкага барууга макул болду (Каимов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкомандировка
Көптүк санкомандировкалар
Жөндөлүшү - "командировка"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?командировка
Илик Кимдин? Эмненин?командировканын
Барыш Кимге? Эмнеге?командировкага
Табыш Кимди? Эмнени?командировканы
Жатыш Кимде? Эмнеде?командировкада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?командировкадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?командировкалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?командировкалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?командировкаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?командировкаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?командировкаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?командировкалардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: