Меню
Эл-Сөздүк

Кодекс

КОДЕКС (лат. codex – мыйзамдар жыйнагы) – өзара дал келген жана бир багыттагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдери бириктирилген жана тутумдаштырылган мыйзам актыларынын жыйындысы. К. мыйзам чыгаруучулардын кодификациялык ишмердиктеринин натыйжасы болуп саналат (кара:Кодификация). Жалпы эреже боюнча, К-ке белгилүү бир укук тармагы кирет (м.: жарандык, кылмыш-жаза, үйбүлө, эмгек ж. б.). Адатта, ал тийешелүү тармак боюнча укук негиздерин гана камтыйт. Калган укук ченемдери башка мыйзамдар менен мыйзамга негизделген актыларга кирет. Айрым К-тер ченемдерди, мыйзам тармактарын (Деңиз-соода К-и, Туракжай К-и. ж. б.) же укук тармакчалары (Салык К-и, Бюджет К-и.) бириктирет. «К.» түшүнүгү чет өлкөлөрдө белгилүү өзгөчөлүк менен айырмаланат. АКШда К. деген түшүнүк жөнеле жалпы укуктун айрым мыйзамдары менен ченемдеринин кошундусун билдирет. Ал эми Францияда болсо, акыркы кезде кадимки К. менен катар эле, укуктук жактан жөнгө салуунун айрым тармактары боюнча К. аттуу мыйзам актыларынын кошунду жыйнактарын басып чыгаруу иши жайылтыла баштады (эмгек жөнүндөгү, жол, айыл чарба, салык, бажы, деңиз порту жөнүндөгү К-тер). Бул К-ке мыйзамдык да, регламенттик да ченемдер кирет.

кодекс

зат. 1. юр. Коомдук турмуштун белгилүү бир жагы боюнча системалаштырылган закондордун жыйнагы. Эмгек жөнүндөгү закондордун кодекси. Кылмыш кодекси. Граждандык кодекс.
  1. 2.                  өт. Жүрүш-туруш, тартип-ж. б. эрежелеринин жалпы жыйындысы. Моралдык кодекс.
  2. 3.                  Түптөлүп, мукабаланып коюлган эски кол жазма.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкодекс
Көптүк санкодекстер
Жөндөлүшү - "кодекс"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кодекс
Илик Кимдин? Эмненин?кодекстин
Барыш Кимге? Эмнеге?кодекске
Табыш Кимди? Эмнени?кодексти
Жатыш Кимде? Эмнеде?кодексте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кодекстен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кодекстер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кодекстердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кодекстерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кодекстерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кодекстерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кодекстерден



Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: