Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

КЕМЕНТАЙ

«Ак олпогун жамынса, Кийгенине жарашкан, Астындагы Аккула, Мингенине жарашкан» (Жеңижок). (Ак олпок — кементайдын бири. Жоокерчиликте кийилет.) Бул — элдик сырт кийим. Мунун жердиги кийиз болот. Ал орточо калыңдыкта бышырылат. Ар түстөгү кийиздерден чепкендей узун жасалган бул сырт кийим кементайдын учасы менен өңүрүнүн бириктирилген жерлери жана бардык тигиштеринин арасы тон жана ичиктей «милтеленет». Анын жээктери көбүнчө айланта өңдөш кездемелер аркылуу кыюуланат. Мунун кийизинин жүнүн кылдап, ойдогудай бышырып бычат. Андай кементай бышык болот. Суу өткөрбөйт, кийин кирип-тарып кетпейт. Тикесинен койгондо да кадимки ноотудай жыгылбайт. Ак кементайдын жакасы, жең учтары, өңүрү менен этеги карыштай түрдүү түстөгү баркуттар менен кыюуланат.
      Кементай кийинчерээк көбүнчө ак кийизден жасалгандыктан мындай үлгү болоорлук бөтөнчө түрүн эске тутуу зарыл. Кементайдын ичиктики өңдүү кайырма жакасы болот. Бул кара, көк, көрүң баркуттардан тандалат да, жаканын этегине топчулук, бүчүлүк тагылат. Кийимдин жакасына тегерете көркөм көчөткө «бадам оюмун» келтирип, «илме сайма» аркылуу кызыл жип менен кыялданта берип, анын ортолорун эндей калтырып, четинен ак же сары өң менен жээктеп сайса, түшүрүлүп жаткан көчөт кашкаят. Жеңи да сөөм карыштай баркут менен кыюуланган кементайга жогорудагы көркөм көчөттөр дал өзүндөй кайталанат. Кийимдин өңүрүнүн өзүнчө этегине тегерете кара жиптен «ала мончоктоло» «көбөө» (жээк) түшөт. Аралыгы карыш-сөөмдөй ага жүрөк тушунан, этек үстүнөн карадан «секиртме сайма» менен «суу» берилет.
      Жаштарга ылайыктуу кементайларга кур курчоого да болот. Ал бир, бир жарым эли (2—3 см) колдо чалынган чааралекей ич курга (ычкырга) окшош келет. Анын төрт, алты жеринде ак жүндөн ийрилип, чыйрак чыйратылып, челденип, барпайган «топ чачыктары» төгүлүп турат.
      Кийимдин үч түрү бар. Сөөлөттүүлөр кие турган кементайдын ичи ичтелет. Этек-жеңи адими кездеме аркылуу кыюуланат. Ага бир бүтүм кылып, окшош бөрктүү кыюусу менен ак калпак тигилет.
      Жылкычынын кементайы аттанып-түшүүгө элпек тизе шыйрактарды жабууга, оронуп жатууга этек-жеңи кең, жаан өтпөгөндөй кийизден жасалат.
      Койчулардын кементайынын жылкычылардын кементайынан айырмасы бешмант өңдүү болуп, тоо-таштарда, адыр-белестерде жөө жүрүүгө шартташат. Натыйжада, эл оозунда «Жыргал менен жылкы багат. Кокуй менен кой багат» — деген кеп калат.

кементай

зат.. Малчылар жаан-чачында жана суукта кийүүчү жүндөн жасалган калың сырт кийим. Үстүндө кара баркыт жакалуу ак кементай (Жантөшев) [Токтогул].. эски кементайды үстүнө тартты (Аалы).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкементай
Көптүк санкементайлар
Жөндөлүшү - "кементай"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кементай
Илик Кимдин? Эмненин?кементайдын
Барыш Кимге? Эмнеге?кементайга
Табыш Кимди? Эмнени?кементайды
Жатыш Кимде? Эмнеде?кементайда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кементайдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кементайлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кементайлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кементайларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кементайларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кементайларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кементайлардан

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: