Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КАШЫК
 

КАШЫК

 
«Кашыктап жыйган мүлкүмдү, Чакалап чачып отурат» (Эл ыры). Бул — жыгач идиштеринин бир түрү. Узуну 10—15 см, ичтүүлүгү 25—30 грамм кашык сабынан кармап, тамак ичүүгө ылайыкталган. Сузгунун (чөмүчтүн) кичинекей түрү. Буга узанууда бир аз айырмачылыктар бар. Чеберлер сузгуну керки, байтеше аркылуу чапса, кашыкты жасоодо бычак, өзүнүн кичинекей ийгиси керек. Кол башындай бул идишти бычак жана ийги аркылуу жапырактатып кырат. Сузгунун да, кашыктын да башынын ичин карай иймекей сабы болот. Муну усталар этияттап жасап чыгарса, колго эптүү, көзгө көркөмдүү көрүнөт. Усталар өзүлөрү да көчүрүп өстүрүп алышкан тал-теректерди көбүрөөк керектейт. Кырма идиштерин бүтүндөй бир колдон чыгаргандар жыгачтардын ич ара айырмачылык бөтөнчөлүктөрүн айра тааныйт. Башкалардай эле ак тал, кара тал, турпан тал, эчки тал, жер тал, сары тал, бака терек, кайың, арча, карагай, жаңгак жана башкаларды кашык, сузгу жасоого негизги жердик катары бааланат. Булардын ички касиеттерин билип-туюп узангандыктан урунууга бышык келет.

КАШЫК

 
КАШЫК — топоним. Бээжинге казаттап бараткан кыргыз колу «Кара-Суунун боюна, Кашыктын кирген оюна» (Сагымбай Орозбаков, 4. 111) өргүгөн жер. Географиялык реалияда Чүй өзөнүнүн оң жээгиндеги жер.

кашык

 
кашык, кашыгы, ка шыкка
кашык каны калганча
кашык канын аябоо
кашык кап (этн.)
кашык тумшук (зоол.)

кашык

 
зат.. Тамак-аш сузуп ичүүгө же бир нерсени сузуп алууга ылайыкта
лып жыгачтан же металлдан жасалган буюм. Калай кашык. Күмүш кашык. Жыгач кашык. Чай кашык. Сыр кашык.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкашык
Көптүк санкашыктар
Байланыштуу сөздөр
кашыкта
Жөндөлүшү - "кашык"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кашык
Илик Кимдин? Эмненин?кашыктын
Барыш Кимге? Эмнеге?кашыкка
Табыш Кимди? Эмнени?кашыкты
Жатыш Кимде? Эмнеде?кашыкта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кашыктан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кашыктар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кашыктардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кашыктарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кашыктарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кашыктарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кашыктардан

Найти все переводы слова "КАШЫК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАШЫК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru