Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КАЙЧЫ
 

КАЙЧЫ

 
1). Чеберлердин уздук жана устачылык куралы. Күмүштү жана күмүш ордуна колдонуучу жезди, мисти, колону, калайды, нейзилберди, мельхиорду, датчалбасты жана башка заттарды кертүү-кесүү үчүн колдонулат. Анын эки жаагы калыңыраак темирден тандалат да, бир аз катуу келип, ал элпек кайчылоого шартташкан. Кайчынын кармай турган жагы баш бармак менен сөөмөйгө илингендей шакекче келип турат. Муну зергерлер «күмүш кайчы» деп да коюшат.
      2). Узчулук куралы. Жумшак нерселерди (кийиз, кездеме, тери, таар) кесүүчү кайчылардын жаагы элпегирээк келет да, сыйдараак жасалат. Кайчынын кармай турган жаагы тегерек шакекче болуп, баш бармак менен сөөмөйгө илинет. (Кайчы жаактарынын карама-каршы тургандыгынан «кайчыла» дегенден ушундай аталышы мүмкүн).

кайчы

 
кайчы
кайчы бакалар (зоол.)
кайчы гүлдүүлөр
кайчы куда
кайчы кулак
кайчы тумшук (зоол.)

кайчы

 
зат. 1. Эки миздүү тарабы бири-бирине айкаштырыла бекитилген, кармоого ылайыкталган тегерекчелери бар, бир нерсени кесүү, кыркуу үчүн колдонула. турган курал. Дарбазанын эшигине керилген кызыл лента кайчы менен кыркылды (Аалы). Оң колуна кайчы алган, Сол колуна барча алган (Тоголок Молдо). Отуздай кыркмачы келишип, кайчыларын чыртылдатып.. бошогон койду карашат (Жантөшев).
2. өт. Каршы, карама-каршы. [Жамила менен Айша].. кулк-мүнөздөрү жагынан бири-бирине кайчы келишпесе да,.. экөөнүн көңүлдөрү жакын эле (Баялинов). Кайчы өтүп кетишти.
¨ Кайчы куда к. куда. Кайчы кулак — ичке жана тик кулак (көбүнчө жылкыга карата). Эрлер минген асыл аттар бизде бар, Куран моюн, кайчы кулак, кулжа сан (Аалы).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкайчы
Көптүк санкайчылар
Байланыштуу сөздөр
кайчыла
Жөндөлүшү - "кайчы"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кайчы
Илик Кимдин? Эмненин?кайчынын
Барыш Кимге? Эмнеге?кайчыга
Табыш Кимди? Эмнени?кайчыны
Жатыш Кимде? Эмнеде?кайчыда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кайчыдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кайчылар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кайчылардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кайчыларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кайчыларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кайчыларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кайчылардан

Найти все переводы слова "КАЙЧЫ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАЙЧЫ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru