|
ЖЕБЕ
|
|
ЖЕБЕ — жаанын огу. Ал табылгы, ыргай, шилби, кайыңга окшогон ийилчээк катуу жыгачтан жасалган. Тийген жерине кирип кетиши үчүн Ж-нин учуна кийгизген металлды (коло, жез, коргошун, темир) колок же кыма дешкен. Ал ар кандай формада жасалып, эки, үч же төрт кыр чыгарылып, тийген нерсеге сайылып же тешип өтүүгө ылайыктанат. Жасалгалуу формасына жараша «бөрү тил» Ж., ышкырык Ж. болуп бөлүнөт. Согуштук беттешүүлөрдө Ж-нин учуна айрыкча көңүл бурулган. Ж-нын кологу менен сабынын кошулган жери бири-бирине сайылып кийгизилгенден кийин желим менен жабыштырылган же тарамыш менен кылдат чырмалып бекемделген. Кээде ушул кошулган жерге атайын көзөнөктөрү бар томпок, ичи көңдөй шакекче кийгизилип коюлган. Ж. атылганда ал абага урунуп «ышкырык» үн чыгарган. Мындай Ж-лер жоокерлердин бири-бирине кабар берүүдө, чабуулга өтүүдө, жыйналууда жана чегинүүдө белги катары колдонулган. Чабуул учурунда жабыла атылганда Ж-лерден пайда болгон ышкырык душмандын үрөйүн учуруп, шаштысын кетирген. Кээде бийлик ээлеринин Ж-синин кологу алтындан же күмүштөн жасалган. Аны бир эл менен экинчи элдин ортосундагы мамилени оңдоодо же бузууда «бийликтин символу» катары пайдаланышкан. Бул Ж-ни алган тарап же багынууга же касташууга мажбур болгон. Ж. үй-бүлөлүк турмушта да колдонулган. Асманга атылган 2К. кайсы жерге түшсө ошол жерге кыздын үйүн тигүү салты да болгон. «Манас» эпосунда Ж. жоо куралы катары кеңири баяндалган.
К. Айдаркулов
|