Меню
Эл-Сөздүк

БЕК

БЕК, бег, бей, бий (түрк. — бийлөөчү, төрө; ал амир же эмир дегендин синоними) — эпосто кезиккен бийлик даражаларынын бири: «Жедигер Чегиш калды, Жети бек тегиз калды» (Сагымбай Орозбаков, 4. 9). Б. аскердик титул катары да учурайт: «Жүз миңге барып бек кылды, Дүйнөгө сонун кеп кылды» (Сагымбай Орозбаков, 4. 124). Алтын Ордонун каны мусулман динин кабыл алган моңгол нойондоруна Б. титулун берген. Б. Кыргызстанда Кокон кандыгынын мезгилинде болгон. Ал канга түздөн-түз баш ийип, вилайетте бүт бийликти өз колунда кармап турган, элден алык-салык жыйнатып кандын казынасына өткөргөн, аскерине толуктоо жиберип, өз вилайеттеги жоокерлерге башчылык кылган.

бек

бек (титул) (эск.), беги,
бекке

бек-

бек- (бекем)
бек айт-

бек

I зат. Жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө майда феодалдарга же кызмат адамдарына берилүүчү титул, наам. Бек десең бектин уулумун, Бекзааданын биримин («Семетей»).
БЕК II сын. 1. Катуу, бекем. Мал, баш эсен жатабы?деп бек айтканча болбой, машина алдыга өтө берди (Сыдыкбеков).
2. Жабык, бекитилген. Эшик бек. Сандыктын оозу бек.
Бешик боо бек болсун — бала жаңы төрөлгөндө ата-энесине баланын аманчылыгын тилек кылып айткан алкыш. Куш боо бек болсун к. куш I.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санбек
Көптүк санбектер
Антонимдери
морт
Байланыштуу сөздөр
бегирээк
Жөндөлүшү - "бек"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?бек
Илик Кимдин? Эмненин?бектин
Барыш Кимге? Эмнеге?бекке
Табыш Кимди? Эмнени?бекти
Жатыш Кимде? Эмнеде?бекте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?бектен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?бектер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?бектердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?бектерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?бектерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?бектерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?бектерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: