|
бакан
|
|
зат. 1. Боз үйдүн үзүк, туурдук, түндүк жабуусун салуу үчүн колдонулуучу шыргый. Бектурдун ак үйүнүн чамгарагынан эки түндүк бакандын учу сороёт (Сыдыкбеков).
2. Жоокерчиликте курал ордуна колдонуучу шыргый. Баатырлар чыгып сайчшса, Бакандары майышса («Манас»).
3. Буюм, азык-түлүк илип коюуга ылайыкталган илгичтери бар шыргый. Андан жогору багалчак ала бакандарга илинген нооту чепкен («Ала-Тоо»).
4. Бир нерсе көтөруү, тиреп коюу ж. б. иштер үчүн колдонулуучу шыргый, узун жыгач. Суу бакан. Бел бакан. Баканга салып көтөрүү. Бакан менен тирөө.
♦ Алты бакан — селкинчек салуунун бир түру. Суу боюнда алты бакач тээп ойноп-күлүп, ырдап жагпкан адамдар («Ала-Тоо»).
|