-
Арачы кызматтар
-
АРАЧЫ КЫЗМАТТАР – эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү каражаттарынын бири; чатакташкандардын ортосундагы байланышты калыбына келтирүүгө багытталган 3-тараптын (мамлекеттин, эларалык уюмдун, белгилүү коомдук же саясий ишмердин) аракеттери. А. к. чатакташкандардын биринин же эки тарабынын тең ошондой өтүнүчтөрүнө жооп иретинде, ошондой эле өздүк демилге менен көрсөтүлүшү мүмкүн. А. к-ын көрсөтүүчү чатакты жайгаруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн өзүнө катышпайт.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Арачы кызматтар