АК-ДӨБӨ АК-ДӨБӨ — топоним. Көкөтөйдүн кара ашында байгеге чабылган күлүктөр басып өткөн жер. Анда күлүктөр Кош-Аралдын бою, атактуу А.-Д. аркылуу өткөндүгү айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 64).