АК ТАЯК — кандардын, бектердин эшик сакчысы. Эпосто Алмамбет баатырдын Көкчөдөн кетишине байланыштуу окуяда төмөнкүчө эскерилет:
Эсине албай эчтеме,
Эр Алмамбет кириптир,
Эшиктеги ак таяк
Эсеттердин Бөкөсү
Эшик ачып ийиптир (Сагымбай Орозбаков, 2. 257).