тебеле этиш. 1. Тепсөө, кайта-кайта баса берүү, таптай берүү. Баскан жерин тебелеп, Бирөөнү бирөө жемелеп («Манас»). 2. өт. Эзүү, үстөмдүк кылуу. Түбү сурап эл бийлеп, Көрүнгөндү тебелеп, Жеп келгенден эмесмин (Токтогул).