Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Add word for translate
EnterRegister
Enter by
<->
 
Яндекс переводчик <->
Your translation history: АРЧА КАН
 
 
Translation history
On-line info/translations
Online translator
Найденные
Translate/result для - кир
 

кир

 
кир (зат а.)
кир берилиштер (комп.)
кир жугузбоо
кир жуугуч машина
кир кетирүүчү заттар
кир-кок (кир-гок эмес)
кир самын

кир

 
кир: кир-кир эт-

кир

 
I зат. 1. Таза эместик, булганчтык. Көйнөк кирин жууса кетет, көңүл кирин айтса кетет (макал).
  1. 2.                  Жуулуп, тазартыла турган жана жуулуп тазартылган ар кандай кийим-кече. шейшеп, бет аарчы, суулук ж. б. жалпы наамы. Кере тартылган жипте кир жайылып турат («Жаш ленинчи»).
  2. 3.                  өт. Жаманатты, күнөө, айып. Кошой түгүл даткамды Сөгүп турат Айтике. Бардык кирди даткама, Төгүп жүрөт Айтике (Аалы). Байкабасаң баары бир, Таза башың кир болот (Аалы).
  3. 4.                  өт. Капа, таарыныч, ич күптү. Бизден кеткен иш болсо Кетирербиз кириңди («Семетей»). Балам өлсө барбапсың, Таарынып өпкө, кирди айтам (Токтогул).
  4. 5.                  өт. Кек, жамандык. Кир сактабай, ак көңүл, Кексиз болуп кетелик («Семетей»). — Койчу нары, менин көңүлүмдө кир болсо катты сага көрсөтөт белем («САЖИ»).

¨ Тиштин кирин соруу — абдан ачка болуу, кезерүү. [Мусабек].. орозо кармап, тишинин кирин соруп кыйналышкан атаэнесине чындыкты айтамын деп, бөөдө жаман көрүндү (Сасыкбаев). Кир-кок — жалпы эле кир нерселер. Кир-когуңду жуудуруп.. алып жүр, кагылайын [деди Жапардын энеси].
КИР II туурасы: гиря.
КИР III этиш. 1. Бир жерге (мис., үйгө ж. б.) бир нерсенин ичине өтүү, баруу. Эшикти чертип Жолбунов [ үйгө] кирди (Убукеев). Тоту жеңем экөөбүз үйгө кирдик (Жантөшев).
  1. 2.                  Келүү, жетүү. Биз Токмокко эрте кирдик, дүкөндөр соода менен кызып жаткан кези экен (Аалы).
  2. 3.                  Алуу, билүү. Кынуусуна кирген соң, Күндө тозок салбайбы («Манас»). Иштей электе авансылап кирсе, Ал киши кантип оңсун (Шүкүрбеков).
  3. 4.                  Кичирейүү, тыгыздануу, кыскаруу (кездеме, кийим-кече жөнүндө). Улам кирип отуруп тек-жеңи кыскарып кеткен чолок тон.
  4. 5.                  Чыгуу, келүү. Жыйырмага жаңы кирген.
  5. 6.                  Белгилүү бир уюмга мүчө болуу, окууга ж. б. өтүү. Өзүм сүйүп, өзүм кирген партия, Берчи мага кыйын-кыйын тапшырма (Үмөталиев). [Фатима].. акыры интернатка кирди (Сасыкбаев).
  6. 7.                  Басуу, каптоо. Дүңгүрөгөн ызы-чуу Кирип келди айылга (Жантөшев).
  7. 8.                  Баруу, качыруу. Тартынбай жоого кирели Улуу, кичүү, курбалдаш (Жантөшев).
  8. 9.                  Басуу, баруу, түшүү. Ак сакал болуп балдарга, Арамдык жолго кирбей жүр (Жантөшев).
  9. 10.              Бир нерсени баштоо. Бир топ абышка, «Тогуз коргоолго» киришти (Убукеев). Кары-жашы калбастан көчөт отургузууга киришишти (Убукеев).
  10. 11.              Каарына келүү (буура жөнүндө). Буурасы кирип буркулдап, Кыш чилдеде тиштерин Кычыратып чайнаган (Үсөнбаев). Жаңы кирген кара атаң, Тайлакты чайнап койбосун (Бөкөнбаев).
  11. 12.              Көбөйүү, ташкындоо. Мөңгү жибип, Суулар кирди күркүрөп (Осмонкул).
  12. 13.              Түшүү, башталуу. Кеч кирүү. Иңир кирүү. Күүгүм кирүү. Сакалга ак кирүү.

¨ Ичи-койнуна кирүү к. ич I . Кирди-чыкты к. чык III. Тилге кирүү — 1) макул болуу, айтканына, дегенине көнүү, тилин алуу. Айткан тилге кирбесең, Акылымды билбесең, Өз убалың өзүңө, Төштүк («Эр Төштүк»). 2) сүйлөө, сүйлөп калуу. Таң атты, Алым кайра тилге кирди (Аалы). Күчкө (карууга, алга, дарманга) кирүү — алдануу, дармандануу, тыңуу. Кубанып дарманына киргенине, Халатчан коридордо басып турат (Үмөталиев). Эр карыса жашарып, Күчкө кирер болсочу (Барпы).
КИР IV кир-кир этүү — кирилдөө, киркирөө.

кир-

 
кир-
кирген суу (геог.)
кирди-чыкты
кирерге жер таппоо
кирип-чыкканча
кирсе чыккыс
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокир
Множ. числокирлер
Склонение по падежам - "кир"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?кир
Родительный Чей?кирдин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кирге
Винительный Кого?, Что?кирди
Местный Где?, У кого?кирде
Исходный Где?, У кого?кирден
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?кирлер
Родительный Чьи?кирлердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?кирлерге
Винительный Кого?, Что?кирлерди
Местный Где?, У кого?кирлерде
Исходный Откуда?, От кого?кирлерден

Найти все переводы слова "кир" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "кир"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru