Menu
Эл-Сөздүк

Чегарага жеткирилди (daf)

ЧЕГАРАГА ЖЕТКИРИЛДИ (DAF) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча, сатуучу өз товарын соода-сатык келишиминде каралган күнү же мөөнөттө чегарадагы макулдашылган жерге чейин өз эсебинен сатып алуучунун карамагына жеткирип берүүгө, товарды сыртка чыгаруу жол-жоболорун жасоого, товардын сатуучунун колуна тийгенге чейинки тобокелчилигин көтөрүүгө милдеткер болот. Мындай шарт товар автоунаа же темиржол каражаты аркылуу ташылганда колдонулат. Бирок, ал башка ташып жеткирүү каражаттарына карата да колдонулушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: