(ЧАЧУЧТУК, УЧТУК) — «Чач учтугун шурудан, таппадым сендей сулуудан» (эл ыры). — Бул — зер буюму, кыз-келиндерибизге таандык көрүнүктүү септердин бири. Буга узануунун ар кандай жолдорунун бири буюмдун тегерек табакчаларынын ортосунан бир табакча чыгарылып, тегерек-четтери күмүш зымчалар менен торчолонот. Анын бети «сыялоо» (сыя төгүү) же «чапкылоо» (из түшүрүү) аркылуу көркөм оюм түшүрүлөт. Же асыл таштарды чөгөрүү үчүн анда өзүнчө жатак жасалат. Үч канат чолпунун ортолугу «жүрөкчө», «тумарча» жана «төрт бурчтуу» болуп маңдайына кооздук берүү — зергерчиликте жеринен салттуу көрүнүш. Чолпунун ар бир табакчасына кандай көркөм оюмду ыроолош — ал зергердин жекече чеберчилигине байланышат. Аялдардын бул асем буюмунун көркөмдүгүн дагы арттыруучу жагдайы үчүн мында түрдүү түстөгү суу мончокторду жана шуруларды тизүү керек. Ал күмүш менен кынапталат. Зергерлер буга да түрдүүчө узанат. Абалы, буюмдун «тумарчасын» жасап алат. Ал жазы болот да, ошол тумарча темирдин бетине жаркырата күмүш жалатып, ага кооз оюм-чийимди түшүрүшөт. Же, жамбы күмүштү эритип, ага башка металлдарды аралаштырып, мында күмүштү көбүрөөк кошуп чолпу жасалган. Күмүш бетиндеги оюм-чийимдер кийизге түшкөн «мүйүз», «кыял», «бармак боочу», «карга тырмак», «айчык» оюмун элестетет.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ЧОЛПУ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 4 - 5? Ответ:
Отправить
зат. Көбүнчө келиндер чачка тагуучу, бирине-бири тизилген тегерек тыйын сыяктуу кумүштөн кооздотулуп жасалган жасалга. Силердин кыргыздар менден көбүнчө.. чолпу, чачпактык жасалгаларды.. алыша турган (Абдукаримов).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как чолпу
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-8Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 - 9? Ответ:
Отправить