Menu
Эл-Сөздүк

ЧЕБЕР-АТКАРУУЧУ

элдик көркөм кол өнөрчүлүктө өзүнчө чыгармачылыгы жок, ошол нагыз элдик уздардын атайын жараткан үлгүлөрү боюнча бирин көрүп бири, бирин көрүп бири уздануу үчүн учук саптаган адам. Мисалы, шырдак жасоодо, сайма саюуда, өрмөк согууда, килем токууда, түймө чалууда, чий чырмоодо, жип-шуу эшүүдө, кийим тигүүдө, асем буюмдарын, ат жабдыктарын кармоодо, боз үй тигүүдө мындай чебер-аткаруучулар айыл ичинде арбын, көпчүлүк үйдө бар.
      Элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмелери турмуш-тиричилик жана өнөр жай комбинаттары өңдүү коомдук ишканаларда бир нукта механизацияны колдонуп, же колдонбой, керектүү буюмдардын ар кандай түрлөрүн чыгарып жатышкандарды да биз чебер-аткаруучулардын катарына кошобуз.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: