Menu
Эл-Сөздүк

Таануу

ТААНУУ – КР жазык-процесстик мыйзамдарында тергөө иш-аракети, күбөгө (жабырлануучуга, шектүүгө, айыпталуучуга) мыйзамда белгиленген тартипте, таануучу иликтенип жаткан окуяга байланыштуу эмне көргөнү жана мурда берген көрсөтмөлөрүндө эмне айтканы менен окшоштугун же айырмасын аныктоо максатында адамды же кандайдыр бир объекти көрсөтүүсү турат. Т-нун жыйынтыктары кылмыш-жазык жүрүмүндө далилдөөчү мааниге ээ болот. Ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн адам, нерселер, алардын фотосүрөттөрү ж. б. окшош жана бир түрдүү объекттер менен аралаштырылып көрсөтүлөт. Т. үчүн көрсөтүү калыс күбөлөрдүн катышуусунда өткөрүлөт, ал жөнүндө протокол түзүлөт, анда Т-нун шарттары жана жыйынтыктары чагылдырылат жана таануучунун эмне айтканы мүмкүн болушунча сөзмөсөз баяндалат. Эгер таанууга адам таануучу түздөнтүз байкоого мүмкүн болбогон шарттарда көрсөтүлсө, ал дагы протоколдо белгиленет.

таануу

тааны этишинин кыймыл атоочу.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: