Menu
Эл-Сөздүк

Мамлекеттик бюджет

МАМЛЕКЕТТИК БЮДЖЕТ (фр. budget ) – мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик иштин аткарылышын камсыз кылуу үчүн акча каражатын түзүү менен чыгымдоонун бир таризи. М. б. республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден туруп, мамлекеттин баардык киреше менен чыгашаларын өзүнө камтыйт.

Мамлекеттик бюджет

Мамлекеттик кирешелердин келип түшүү булактарын жана каражаттардын чыгымдалышы багыттарын көрсөтүү менен белгилүү бир мезгил аралыгына, көбүнчө бир жылга түзүлгөн, мамлекеттин кирешелер жана чыгашалардын расмий күчкө ээ болгон сметасы. Мамлекеттик бюджет өкмөт тарабынан түзүлүп, жогорку мыйзам чыгаруу органы тарабынан кабыл алынат.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: