Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Казыначылык

КАЗЫНАЧЫЛЫК – мамлекеттик бюджеттин кассалык аткарылышын жүргүзө турган атайын өкмөттүк каржы органы. Ал салыктардын, жыйымдардын, алымдардын алынышын, ошондой эле зайымдарды сатуудан түшчү кирешелердин алынышын уюштурат жана бюджетте каралган каражаттарды чыгымдоого коё берет. Бир катар учурларда акча кагаздарынын эмиссиясы жүргүзүлөт. КРде К. КР Каржы министрлигинин бир бөлүгү болуп, ал Борбордук казыначылыктан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн турат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: