(кесе) — «Кер аякка куйгандан, Керилтип кымыз сунгандан» (Жеңижок). Бул — кырма идиштеринин бир түрү. Ичи иштүү, тегерек идиш. Аяк арчадан да, кара жыгачтан да, талдан да, теректен да, кайыңдан да, акчечектен да, жемиш бактарынан (өрүктөн, жаңгактан) жана башкалардан оюп кармалган. Чоң кара аяктын диаметри 20 смдей келет. Аяктын капталдары, кыры, түбү, кемери, адатта, көркөм кештелерге толот. Аны жасоодо чот керки, ийди, бычак өңдүү кырма аспаптары ирээти менен керектелет. Түштүк Кыргызстандагы чеберлер көбүнчө жемиш бактарынан аяк жасашат. Алар аяктын көлөмүнө карата адегенде жыгачын тандашат. Жердикти сомдоп, идиштин тү7спөлүн берүүдө керки менен балта керек. Анан чара табактай муну да кырма дүкөндүн азуусуна бекитип, өз ийдиси менен кыра баштайт. Аяктык жыгач суу бойдон да, кургак бойдон да кырылат. Ал чебердин өзүлөрүнүн жекече чыгармачылыгына байланышат. Түндүк Кыргызстандагы кырмачылар жыгач идиштерин көбүнчө талдан тандашат. Талдын да өзүнчө бөтөнчөлүгү бар. Ал тарамыштай бышык келип, ийри-муйру жарылат. Аны ошол жарылган ыгы аркылуу жонуу зарыл. Араалаганга караганда колдо жарылган талдан жасалган аяктын калыбы кийинчерээк анча өзгөрбөйт. Андай жарылышы ийри-муйру жыгачтар кургаган соң кайра табигый жолуна түшөт. Чеберлер талдан кырылган аяктын сөлөкөтү келген чакта жеткилең кайнатып, жыгачтын сары суусу менен чайырын чыгарып алышат. Мындай аяк такыр чирибейт. Бышык болуп, урунууга ойдогудай келет. Жарылбашы үчүн жасалып бүткөн идишке каймак, май сыйпап, отко «кайсап» (жалынга тосуу) да алышкан. Аяктын чаканы «татымал салгыч» болот. Мунун түзбөлү аякты элестетет. Бирок, анын түбү жазы жана көтөрүңкү келет. Аны азыр момпосуй, каймак, кант, май салгыч катары колдонууга болот. Туз салгыч да аяктын бир түрү. Анын түрү ичкерээк, сүйрүрөөк келет да, түбү жазы, же бир аз көтөрүңкү көрүнөт. Ага да аяктыкындай кештеси көбүнчө кырбуусунда (курбусунда) болот. Чебер кол менен зерикпей отуруп, идиштердин ичин оюп жасайт. Мында үч-төртүн бир эле дароо сомдоп, сууга салып коет. Арадан күн өткөрүп, бир баштан алып, ичин оюп. кирет. Идиш биротоло бүткөндөн кийин кайрадан сууга салып кайнатат. Мында да жыгачтын сары суусу, чайыры чыгат. Андан кийин майга салып, «бышырып» алат. (Май сиңди жыгач кийин урунууга нап берет). Мына ушундай жолду аркалап, ашкана буюмдарын жүзөгө ашырууда негизги курал-аспаптарга өзүлөрү жасап алган кадимки керки, аталгы, жарым айлана түрүндөгү ийги жыгачтын ичин оюшка оңтойлошкон. Же аяк (кесени) жасоо үчүн бутагы жок, көчкү тийбеген түз кайыңды кыйып алып да, суу бойдон сомдой коюп, сууга салып кырат. Ансыз кайың тез жарылып кетет. Анан күжүгө тосуп, жалынга «кайсап» (тосуп) алат да, кайра сууга коюп, өз чамындысы менен аарчып-жышып, жүзүнө чыгарат. Идиштерди ысык кезинде майлоо зарыл.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как АЯК
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
16Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 8 х 2? Ответ:
Отправить
аяк (ал жак), аягы, аякка (сүйл.) аяк-быяк (аяк-буяк эмес) аяк-тияк (аяк-тыяк эмес) аяк басуу аяк-башы аяк-башын жыйноо аяк-башын таппоо аягы жеңил болуу аягы суюлуу аягы тыйылуу аягына чыгуу
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как аяк
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-1Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 7 - 8? Ответ:
Отправить
Iзат.1. Бут. [Чолпондун].. күндөгүгө караганда аяк шилтеши да ыкчам болуп кетти (Байтемиров).
2. Ар кандай буюмдардын, мебелдердин жерге тийип туруучу бөлүгү, буту. Столдун аягы. Скамейканын аягы.
3. Акыры, соңу. Август айынын аяк чени. Каныбек мукамдуу обонду салып, аягын созолонтуп барып бүтүрдү (Жантөшев).
♦ Аягыасмангачыгуу — быт-чыт болуу, таш-талканы чыгуу, кыйроо. Алар кылт коюп башка бирөөлөргө кошулуп кетишсе, биздин аягыбыз асманга чыгат (Жантөшев). Аякылоо — минип жүрүүгө жарай турган начарыраак унаа. Ат табылганча аяк ылоо (макал). Аякбасуу — белгилүү бир жаштан экинчи бир жашка бет алуу, өтүү. Алтымыш ашып жетимишке аяк баскан кезим бул («Эр Табылды»). Аягысайтаппоо — бир жерге байыр алып токтобоо, бир жерге турбоо. Аягыменентиктуруу — алы-жаны калбай, кызмат көрсөтүү, кызмат кылуу. Билесиң Назар досуңду Аягы менен тик турат (Барпы). Жалгызаякжол — бир киши гана жүрө турган тар жол. Кераякжетерсаяк — каяшачыл, тил албаган; кежир. Кырк аяк же миң аяк — көп буттуу курт-кумурсканын бир түрү. Аякөөдө — төмөндөн жогору, ылдыйдан өөдө карай; аяк жагынан башталган жагын карай. Көчөттү аяк өөдө отургузуп келатышкан Сабырлар бул кезде аянттын башына чыгып калышкан (Сыдыкбеков). Баштанаяк — башынан аягына чейин; бүт.
АЯКIIзат. Жыгачтан тегерек оюп жасалган идиш. Өлбөгөн киши алтын аяктан суу ичет (макал). Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө (макал).
♦ Итаяк — итке тамак куюп берилүүчү. идиш. Жанаяк— 1) жол жүргөндө алып жүрүүчү аяк; 2) насыбай ийлөө үчүн жыгачтан оюп жасалган идиш. Ажырашаяк — башка жакка көчүп кетүү алдында жолдош-жоролоруң, тааныштарын чакырып берген тамак.
АЯКIIIтакт. сүйл. Ал жак, ошол тарап, башка жак. Ашым аяктан келе элек.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как аяк
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
7Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 - 2? Ответ:
Отправить