Menu
Эл-Сөздүк

АК САРЫ БАШЫЛ

АК САРЫ БАШЫЛ — ырымчыл адамдар өз башына оор иш түшкөндө (көбүнчө кыйын оору, кырсык жана 6ашкалар) же сүйүнгөндө, тилек тилеп кудай жолуна аталчу мал. «Тилек» орундалса, аталган мал союлуп, түлөө өткөрүлгөн. А. с. б. адеп чыкканда өңү ак, боз болгон, бара-бара анын түсү ылганбай калган. Бул түшүнүк адамдар табияттын сырларын биле электе чыккан. А. с. б. ырымы «Манас» эпосунда чагылдырылган. Чыйырдынын толгоосу күчөп, кыйналып жаткан учурда «Алып келип бай Жакып Ак сары башыл кой чалды, Ай туякка бээ чалды. Ай мүйүзгө уй чалды» (Сагымбай Орозбаков, 1. 79),— деп эскерилет. А. с. б-га байыркы мезгилдерде өзү ак, башы бир аз саргыч мал гана чалынган болуу керек.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: