Menu
Эл-Сөздүк

АБЫШ

АБЫШ (Кошабыш)— кырк чоронун бири. Манас Анжыянды басып алган кытай каны Алоокени багындырганда анын өз уулу Бооке менен агасы Коңгуроолунун уулу А-ты ак үйлүү катары тартууга алат. А-тын «э дегенде эл эсебин алган» укмуштуу өнөрү болот (Сагымбай Орозбаков, 2. 197). А. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоодо аты отуз жетинчи болуп келип, суксур моюн Сулайкага үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 427).


So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: