Меню
Эл-Сөздүк

ула

этиш. 1. Бир нерсенин учун экинчи нерсенин учуна кошуу, жалгоо, бириктирүү. — Ой, Аттокур, улап кой, Атың үздү тизгинин! (Жантөшев).
2. Агылгалоо, ээрчүү. Караанын улай бастырып, Калсамбы деп качырып («Эр Табылды»).
3. өт. Кандайдыр башталган ишти, жолду ж. б. андан ары алып кетүү.
Сөз улоо андан ары узартуу, айта баштоо. Бурулча Мамырды ээрчий басып сөзүн улады (Байтемиров). [Зарыл] кашынын үстүндөгү кара меңди адетинче сыйпап коюп сөзүн улады (Сыдыкбеков). Көңүл улоо — көңүл жубатуу, тынчытуу, көңүл жубатып колдоо. Чоң эне небересинин көңүлүн улады (Сыдыкбеков); [Андрей] Мусабек менин көңүлүмдү улап гана «аялың иштеп жатат деп айткан экен го деп ойлоду (Сасыкбаев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: