Меню
Эл-Сөздүк

түзө

этиш. 1. Тегиздөө, уңкул-чуңкул, өөдүк-сөөдүк жерлерин түздөө. Беш-алты киши конуш түзөп жатат (Жантөшев).
2. өт. Тартипке салуу, оңдоо, түзүгүрөөк кебетеге келтирүү. Тескери жолго басчуну, Тезге салып түзөдүк (Тоголок Молдо). Артта калган колхозду түзөп жатабыз (Мидин).
Бой түзөө — өлөр алдында жакшы болгон өңдүү көрүнүү, тыңыган сыяктуу болуу.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: