Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - чыптама
 

чыптама

 
женская жилетка, короткая женская безрукавка.

ЧЫПТАМА

 
кыз-келиндерибиз кош этек менен жуп кие турган, ичтелип же жалаңкат тигилген жеңсиз, бели жабылгандай ич кийим. Чыптама да денеге чак тигилет. Ал кош этек менен кийгенде гана көркүнө чыгат. Көгүчкөн төш чытырап, бели кыпчыланып, чыптама этеги жамбашты жая кененделип кетет. Көйнөктүн кош этектери көлбүп, кыз кылактап, ал өзүнчө ак шоокум болуп көрүнөт. Укмуштай кооз саймаланып, же көбөлөнүп тигилген чыптама көбүнчө чий баркыт, тасбаркыт, тукаба, трайке өңдүүлөрдөн тигилет. Аны кош этек көйнөк менен өздүк көркөм чыгармачылыктын катышуучулары, артисттер, жаштарыбыз улуттук сыймыктуу кийим катары кийип жүрүшөт.
      Чыптама сайма көчөттөрү үчүн «бадам», «ит куйрук» өңдүү оюм-көчөт берилип, анын тегерегине «суу» жүргүзүлөт. Жалаң түрдөн-түр чыгара бири-бирине чиркешкендей «бармак боочу», «сынар мүйүз» оюмдары өңдөнгөн, же тим эле улаштыра бутактанып кеткен көркөм көчөттөр «суусуз», «ала мончоксуз» эле коюлата сайылат. Жалпы алганда чыптамага да чепкенге, кемселге түшкөн көчөт оюмдардын өзү жана эни сакталат.
      Эгер кийимдин жердиги көк кездемеден турса, ага түшкөн көчөттөрдүн өңү кызыл менен жашылдан тандалса, кызыл өң буюмду ажарлантат да, жашыл өң кездемеге жутулуп кетет.

чыптама

 
чыптама

чыптама

 
зат. Ичтен кие турган жеңсиз, жалаң кат кыска бешмант, желетке. Кызыл тукаба чыптамасы [кыздын] денесин чыпыйтып кучактап турат (Байтемиров).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчыптама
Көптүк санчыптамалар
Синонимдери
кармама
Жөндөлүшү - "чыптама"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?чыптама
Илик Кимдин? Эмненин?чыптаманын
Барыш Кимге? Эмнеге?чыптамага
Табыш Кимди? Эмнени?чыптаманы
Жатыш Кимде? Эмнеде?чыптамада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?чыптамадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?чыптамалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?чыптамалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?чыптамаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?чыптамаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?чыптамаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?чыптамалардан


Хотите добавить свой перевод для слово: "чыптама"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru