Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: kabuk забур Салмалардын эни Камедь %D0%B0%D0%BA%D0%BA%D1%83%D1%83 агрардык реформа Утуш аманаты capacitive load мээримдүүлүк энергия булагы Салык жарнагы УГОРАЗЖИВАТЬ лык азыктант- Can you replace the battery%3F иш кагаздын түпнускасы ХАЛАБРУЙ секирүү монархия
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ЗЕРГЕР
  • забур
 

зергер

 
ир.
золотых дел мастер, ювелир;
ар кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет погов. достоинства молодца знает молодец, достоинства золота знает ювелир.

зергер

 
ювелир

ЗЕРГЕР

 
(зергер) — «Эл кадырын эл билет, зер кадырын зергер билет» (макал). Бул — алтын-күмүш устасы. Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер жез, мис, датчалабас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек,
      Сөздүн төркүнү зер жасалгалары жөнүндө бара жатат. «Кулактары куйма алтын» — Мында сөйкө-сырганы айтууда. «Куюлуп түшкөн мурду алтын» — адатта, элечек, кеп такыянын кыргагы зерден болот да, анын калакчалары мурундан түшүп көрүнөт. «Ак үйүнүн куту алтын» — мында үй ичиндеги: алабакан, сандык, жагдан, ат жабдыктары, кыз-келиндердин жасалгалары өңдүүлөрдүн жалпы көрүнүшү көз алдыга тартылат. «Аккари кийген буту алтын» — аккари — ургаачылардын адими бут кийими. Ал көң булгаарыдан (кол булгаары — колдо иштетилген булгаары) тигилет. Буга да чеберлер алтын-күмүш жана башка ага тете түстүү металлдарды чабышкан да, бут кийимдин маңдай бети жалтылдап турган. «Оромол салган башы алтын» — оромол жасоолук. Негизи кыргак элечек, кеп такыя өңдүүлөрдүн жээгинде болот. Мында баш кийимдерге да алтын-күмүш тагууга болот — деген түшүнүк бар. «Олоңдой кара чачы алтын» — чачка чачкап, чач кап, чолпу, күбөк, учтук өңдүүлөр тагылат. Алар сөзсүз зер менен шөкөттөлөт. Мындагы акындын «алтын» деген кайталоо сөзү күмүш менен да алмашылышы тийиш, анткени, кыргыздар үчүн алтынга караганда күмүш нарктуу жана салттуу болгон. Мындан биз элдик зергерчиликтин бир учурда укмуштай өнүккөндүгүн билебиз.
      Кээде жабдык шөкөттөрүнүн (кайыш бетине чабылуучу темир кооздук) формасы сөлпү да узунураак да келет. Мында элдик эски салттуулуктун мүнөздүү белгилери болот. Мунун эки-үч түрүн усталар пайдаланып жүрүшөт.
      Айрым зергерлер шөкөттөргө оюм түшүрүүгө, ага «сыя төгүүгө» — «зооткерлөөгө» бөтөнчө умтулушат. Арийне, жездин табияты антип оюм-чийимди түшүрүүнү анча жактырбайт. Экинчиден, жез үчүн шөкөттүн өз формасы оюм-чийимсиз эле көркөм көрүнөт. Демек, томпогураак, казанкөмкөрүк шөкөт, «колдун салаасындай, кыздын баласындай» сыйда жана шарттуу көрүнөт.
      «Сыялоо», «зооткер түшүрүү» — күмүштүн гана касиетин арттырып, анын жаны катары сезилет.

зергер

 
  • jeweler
  • jeweller
  • ЗЕРГЕР

     
    ЗЕРГЕР (заргер) — алтын, күмүштөн түрдүү буюмдарды жасаган чебер уста. «Эр кадырын эл билет, Зергер кадырын зергер билет» (макал). Түрдүү түстүү металлдардан (алтын, күмүш, мельхиор, нейзильбер, жез, мис, датчалбас, болот) кыз-келиндердин азем буюмдары: шакек, билерик, сөйкө, желбирөөч, иймек, искек, бой тумар, оймок, топчу, чолчу, күбөк, кемер, кыргак, чачкеп; үй эмеректери: алабакан, такта, жагдан, сандык; ашкана буюмдары: чыны куту, көөкөр, үкөк; ат жабдыктары: ээр, жүгөн; көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, камчы, үзөңгү, кичин (тердик); сөөк буюмдары: чанча, картык, туур; аваз аспаптары: комуз, чоор, кыл кыяк, добулбас жасап, аларды шөкөттөөчү уста. Эпосто жоокердик кийим-кечектерди, азем буюмдарын, жоо куралдарын (дүрбү) жасоодо 3-дин чеберчилиги тууралуу айтылат.

    зергер

     
    jeweller [‘жууэлэ]

    зергер

     
    [zerger]
    kuyumcu, sarraf

    зергер

     
    зергер (уста)

    зергер

     
    зат. Алтын кармаган уста. Алтынды зергер эритет, Адамды өлгөн кемитет (Тоголок Молдо).
    Негизги мүнөздөмөлөрү
    Сөз түркүмүЗат атооч
    Жекелик санзергер
    Көптүк санзергерлер
    Байланыштуу сөздөр
    акак
    зергерчи
    Жөндөлүшү - "зергер"
    Жекелик сан
    ЖөндөмөлөрЖекелик сан
    Атооч Ким? Эмне?зергер
    Илик Кимдин? Эмненин?зергердин
    Барыш Кимге? Эмнеге?зергерге
    Табыш Кимди? Эмнени?зергерди
    Жатыш Кимде? Эмнеде?зергерде
    Чыгыш Кимде? Эмнеде?зергерден
    Көптүк сан
    ЖөндөмөлөрКөптүк сан
    Атооч Кимдер? Эмнелер?зергерлер
    Илик Кимдердин? Эмнелердин?зергерлердин
    Барыш Кимдерге? Эмнелерге?зергерлерге
    Табыш Кимдерди? Эмнелерни?зергерлерди
    Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?зергерлерде
    Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?зергерлерден


    Хотите добавить свой перевод для слово: "ЗЕРГЕР"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru