Найдены по другим направлениям
-
Депозитарий
-
ДЕПОЗИТАРИЙ (фр. depositaire ) – 1) депозиттер ишенилген жак; 2) депозитардык ишкердүүлүктү жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар базарынын кесипкөй катышуучусу. КРде юридикалык жак гана Д. боло алат. Д. депоненттин атынан депозитардык келишимде каралган депоненттин тапшыруусунан башка иштерди жасоого, депоненттин баалуу кагаздарын каалагандай жумшоого, анын атынан баалуу кагаздар менен иш-аракеттерди жүргүзүүгө жана башкарууга акысы жок. Д. анда депонирленген баалуу кагаздардын тастыктоолору үчүн жарандык укуктук жоопкерчилик тартат; 3) эларалык келишимде көп тараптуу келишимдин чыныгы текстин жана ага байланыштуу документтерин (билдирүүлөр, эскертмелер, денонсациялар ж. б. ) сактоочу. Д. бир же бирнече өлкө, эларалык уюм же ошондой уюмдун башкы кызмат аткаруучу адамы болуусу мүмкүн. Алып айтсак, БУУнун Башкы Катчысы БУУнун алкагында түзүлгөн биркатар көп тараптуу келишимдердин Д-инин милдетин жүзөгө ашырат.
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | депозитарий |
Көптүк сан | депозитарийлер |
Жөндөлүшү - "депозитарий"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | депозитарий |
Илик Кимдин? Эмненин? | депозитарийдин |
Барыш Кимге? Эмнеге? | депозитарийге |
Табыш Кимди? Эмнени? | депозитарийди |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | депозитарийде |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | депозитарийден |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | депозитарийлер |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | депозитарийлердин |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | депозитарийлерге |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | депозитарийлерди |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | депозитарийлерде |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | депозитарийлерден |
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Депозитарий