Меню
Эл-Сөздүк

бакшы

санскр. этн.
шаман, бахши, знахарь, лечащий болезни якобы изгнанием духов (среди бахши различались два вида: ак бакшы - белый бахши и кара бакшы - чёрный бахши - более сильный);
кара жиндүү бакшы шаман, неистовствующий во время сеансов (лижущий раскалённое железо, колющий себя ножом и т.п.);
беркон бакшы или дөөкөр бакшы искусный бахши;
бак-дарак көркү гүлүндө, бакшынын көркү жининде фольк. красота деревьев в их цветах, великолепие бахши в его экстазе (см. жин I);
бакшы болуп, кыйкырып бакырсаң, кетпейт карылык если (даже) станешь, как бахши, кричать и орать, (всё равно) старость не уйдёт;
бакшы кемпир старуха-бахши;
бабырган - куштун бакшысы стих. сыч - птичий бахши (он кричит неистово, как бахши);
бакшы көрдү (больного) осмотрел бахши;
бакшы ойнот- приглашать бахши шаманить.

БАКШЫ

БАКШЫ (санскрипче бхихши — будда дининин молдосу) — ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдеп-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (Курама варианты, 1. 22). Сибирь элдеринде кам, шаман жана башка түрлөрдө айтылып кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. Ошондой азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ.

Бакшы

Бакшы – (санскр. бхихши – будда дининин молдосу) – ооруга чалдыккан адамды дубалап, «жин-шайтандарды» кубалап чыга турган сыяктанып, буркан-шаркан түшүп, жаалданган аракеттер менен эмдей-домдой турган дарымчы. «Манас» эпосунда да Б. мына ушул мааниде колдонулат: «Баканды кармап бакырып, Бакшы менен бүбүдөн, Немесин койбой чакырды» (КВ, 1.22). Сибирь элдеринде кам, шаман ж.б. түрлөрдө айтылып, кыргыз тилиндеги Б-нын маанисине дал келет. О.азиялык тектеш элдерде (өзбек, түркмөн, уйгур, каракалпак) ушул эле маани менен катар сабаттуу адам, мугалим, элдик ырчы, акын жана куш салуучу аңчы деген маанилерге да ээ (Манас энциклопедиясы, 1-т. 134-б.).

бакшы

I зат. Ооруларды шамандык жол менен окуган, көргөн адам. Жаман күн жакшы болсгт, уялбаган бакшы болот (макал).
Кара жиндүү бакшы — бакшылык кылып жаткан кезде жаалданып, ысык темирди жалап, өз денесине өзү бычак уруучу бакшы.
БАКШЫ II зат. Түркмөндөрдүн элдик ырчысы, музыканты.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санбакшы
Көптүк санбакшылар
Байланыштуу сөздөр
бакшылык
Жөндөлүшү - "бакшы"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?бакшы
Илик Кимдин? Эмненин?бакшынын
Барыш Кимге? Эмнеге?бакшыга
Табыш Кимди? Эмнени?бакшыны
Жатыш Кимде? Эмнеде?бакшыда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?бакшыдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?бакшылар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?бакшылардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?бакшыларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?бакшыларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?бакшыларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?бакшылардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: