Меню
Эл-Сөздүк

аманат

ар.
1. что-либо данное на хранение; вклад, залог;
аманат кассасы уст. то же, что сактык кассасы (см. сактык I);
2. часто употребляемый эпитет души, как выражение бренности земного существования (особенно-в фольклоре);
абышкалар алда качан кудайына аманатын тапшырышып жерге жатышты старики давно уже, отдав богу души, легли в землю;
аманат жанга өлүм ак погов. для души смерть неизбежна;
аманат жанга бир өлүм, намыс үчүн кыяйын фольк. (раз уж) для души смерть неизбежна, отдам её за честь;
3. перен. плохо, небрежно сделанный;
аманат байлап койгон он кое-как (не крепко) привязал;
4. перен. вялый, слабый.
амандаш- взаимно справляться о здоровье; здороваться.

Аманат

АМАНАТ – жактар (аманатчылар) тарабынан шашылыштык, кайтарымдуулук жана төлөмөрлүк шарттарында сактоо жана киреше алуу максатында КР же чет өлкөлүк валюта түрүндө жайгаштырылган акча каражаттары. А. боюнча кирешелер үстөк пайыз түрүндө төлөнөт. А. КР мыйзамдарында жана тийешелүү келишимде каралган тартипте аманатчынын биринчи талабы боюнча кайтарылып берилет. А. банктар же КР мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте тийиштүү улуксатка (лицензия) ылайык ошондой укукка ээ жана башка кредиттик уюмдар тарабынан кабыл алынат. Банктар А-тын коопсуз сакталышын жана аманатчылардын алдындагы өз милдеттенмелеринин убагында орундалышын камсыз кылат. А. катары каражаттарды тартуу жазуу жүзүндөгү келишим аркылуу бышыкталат.

Аманат

АМАНАТ – араб жана башка чыгыш өлкөлөрүндө, күндөлүк укуктук алакаларда карызкордун милдеттенмесин орундоону камсыз кылуу максатында алынуучу барымта.

Аманат

Аманат – зат. Жоготпой сактоо үчүн берилген нерсе, бирөөгө табышталган нерсе, иш, тапшырма (Кыргыз тил. түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 50-б.).

Аманат

Сберегательный (депозитный) сертификат является ценной бумагой, удостоверяющей сумму вклада, внесенного в банк, и права вкладчика (держателя сертификата) на получение по истечении установленного срока суммы вклада и обусловленных в сертификате процентов в банке, выдавшем сертификат, или в любом филиале этого банка.

Аманат

Аманат (депозиттик) сертификаты – банкка салынган аманат суммасын жана аманат ээсинин (сертификат ээсинин) белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен аманат суммасын жана сертификат берген банкта же ошол банктын кайсыл болбосун филиалында сертификаттарда шартталган пайыздарды алуу укугун тастыктаган баалуу кагаз болуп саналат.

аманат

зат. Жоготпой сактоо үчүн берилген нерсе, бирөөгө табышталган нерсе, иш, тапшырма. «Мен келгенче катып кой»,деп аманат кылып таштап кетти («Жомоктор»). Бир аманат айтайын деп келдим (Байтемиров).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санаманат
Көптүк санаманаттар
Байланыштуу сөздөр
күрөө
салым
Жөндөлүшү - "аманат"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?аманат
Илик Кимдин? Эмненин?аманаттын
Барыш Кимге? Эмнеге?аманатка
Табыш Кимди? Эмнени?аманатты
Жатыш Кимде? Эмнеде?аманатта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?аманаттан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?аманаттар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?аманаттардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?аманаттарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?аманаттарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?аманаттарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аманаттардан

Котормолордун мисалдары: Аманат

Кыргызча Орусча
Аманат (депозиттик) сертификаты – банкка салынган аманат суммасын жана аманат ээсинин (сертификат ээсинин) белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен аманат суммасын жана сертификат берген банкта же ошол банктын кайсыл болбосун филиалында сертификаттарда шартталган пайыздарды алуу укугун тастыктаган баалуу кагаз болуп саналат. Сберегательный (депозитный) сертификат является ценной бумагой, удостоверяющей сумму вклада, внесенного в банк, и права вкладчика (держателя сертификата) на получение по истечении установленного срока суммы вклада и обусловленных в сертификате процентов в банке, выдавшем сертификат, или в любом филиале этого банка.

Котормолордун мисалдары: Аманат

Кыргызча Англисче
Аманат (депозиттик) сертификаты – банкка салынган аманат суммасын жана аманат ээсинин (сертификат ээсинин) белгиленген мөөнөттүн бүтүшү менен аманат суммасын жана сертификат берген банкта же ошол банктын кайсыл болбосун филиалында сертификаттарда шартталган пайыздарды алуу укугун тастыктаган баалуу кагаз болуп саналат.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: