АЛА БАКАН |
Мындан сырткары ар бир муунакка экиден илгич тагып, анын тушуна тегерек томпок көрчөгөлөр чөгөрүлүп, анын ортосуна зергерчиликтин саймасы «зооткор» түшүрүлөт. Ала бакандын аягынан башына дейре жука темир бет бурулуп урулуп, адатта, ага күмүш жалатылат. Мында мык ордуна кагылып, көрчөгөлөр атайын эле көркөмдүк үчүн чабылгандай элес берет. Кээде буга түшкөн шөкөттөр «мүйүз», «жарым ай», «тегерек», «байчечек», «жарым бадам» оюмдарынын жарым жартылай элементтеринен турат. Ала бакандын мындан бөлөкчө шөкөттөлгөн түрлөрү да бар. Ага төрт кыр жыгач тандалат да, мунун маңдай бетине гана жыш көркөмдүк түшүрүлөт. Ала бакан көбүнчө иймек темирден алты бутактуу болот. Ага берилген кооздук абалы жукартылган жазы темирге жалатылып, даана күмүш көрүнгөн тактаны кайчылап, кудум шырдак оюмдары түшүрүлөт. Анын ортолоруна айырмалана берилген тегерек көркөмдүктөр буюмдун көркүн ачат. Ала бакан башы уукка найза учу кейиптенип барып, ачакейлене тандалат. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "АЛА БАКАН"?
Ввойти