Menu
Эл-Сөздүк

Сот иммунитети

СОТ ИММУНИТЕТИ – сот бийлигин алып жүрүүчү катары судьялардын колтийбестиги; ал тийешелүү органдардын улуксатысыз судья кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбайт, камакка алынбайт, күчтөп алып келүүгө жатпайт дегенди билдирет. Судья колтийбестик укугу менен иммунитетин пайдаланат, өз статусуна ылайык социалдык, материалдык ж. б. көзкарандысыздык кепилдиктери менен камсыз кылынат. Кылмыш үстүнөн кармалгандан башка учурларда, сот камалууга, кармалууга жана жекече тинтилүүгө жатпайт. Судьяга карата кылмыш-жаза иши, мекемелик сот алдында административдик тартип бузуу иши КР Башкы прокурору тарабынан гана козголот.

Сот иммунитети

Иммунитет судейский

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: