-
переработка
-
ж.
1. (в какой-л. продукт) иштелип чыгуу, жасалып чыгуу, кайтадан иштөө, жаңыдан иштөө;
керосин - продукт переработки нефти керосин - нефтиден иштелип чыккан продукт;
2. (переделка) кайтадан иштеп чыгуу, кайта оңдоп чыгуу, өзгөртүү;
переработка рукописи кол жазманы кайта оңдоп чыгуу;
3. (работа сверх нормы) артык (ашык) иштегендик, нормадан ашык иштегендик;
уплатить за переработку ашык иштегендиги үчүн төлөө.
-
Переработка
-
КАЙРА ИШТЕТҮҮ – менчик укугуна ээ болуу негиздеринин бири. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, эгер келишимде башкача каралбаса, жактардын өзүнө тийиштүү эмес материалдарды К. и. жолу менен даярдалган жаңы кыймылдуу мүлккө карата менчик укугу материал ээсине тийиштүү болот. Бирок, эгерде К. и. баасы материалдарга караганда кыйла жогору болсо, жаңы буюмга карата менчик укугу ак ниеттүү аракеттенүү менен, өзү үчүн кара иштетип алган жакка тийиштүү болот. Даярдалган буюмга карата менчик укугуна ээ болгон материал ээси К. и. жүргүзгөн жакка жумшалган чыгымдын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү, ал эми жаңы буюмга карата менчик укугуна ошол жактын өзү ээ болгон учурда, ал материал ээсине материал баасын толтуруп берүүгө милдеттүү (эгер келишимде башкача каралбаса). К. и-нү жүргүзгөн жактын шалаакылыгынын натыйжасында материалынан айрылып калган ээсинин жаңы буюмду анын менчигине өткөрүп берип, тарткан зыянын толтуруп берүүсүн талап кылууга акысы бар.
Также найдены следующие похожие слова на Русском языке
strtoupper(RU)
- Переработка мяса
- Переработка на таможенной территории
- Переработка наркотических средств, психотропных веществ
- Переработка полезных ископаемых
- переработка сельскохозяйственных продуктов
- Переработка товаров
- Переработка товаров вне таможенной территории
- Переработка товаров на таможенной территории
- Переработка товаров под таможенным контролем
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Переработка