-
Кызматчы
-
КЫЗМАТЧЫ – 1) эмгек келишими боюнча иштеп, уюмдун ички эмгек тартибине баш ийүүчү жеке адам. К. (эмгек мыйзамдарынын мааниси боюнча) баардык эле жарандык-укуктук келишим (жалдоо, тапшырма, автордук келишим ж. б. у. с.) боюнча жак болуп саналбайт. Арбир К. төмөндөгүлөргө укуктуу: а) коопсуздук менен гигиена талаптарына жооп берүүчү эмгек шартына; б) жумушуна байланыштуу денсоолугуна келтирилген зыяндын ордун толтурууга; в) эчкандай басмырлоосуз жана мыйзамда белгиленген эң төмөнкү өлчөмдөн төмөн эмес жасаган эмгегине жараша сыйакы алууга; г) жумуш убактысынын узактыгын белгилөө, биркатар кесиптер менен иштер үчүн жумушчу күндөрүн кыскартуу, апталык демалыш күндөрүн, майрам күндөрүн, ошондой эле аржылдык акы төлөнүүчү өргүү берүү менен камсыз кылынган эсалууга; д) кесипкөйлүк бирликтерге биригүүгө, жаш курагы боюнча, эмгекке жарамдуулугун жоготкондо жана башка мыйзамдарда белгиленген учурларда, социалдык жактан камсыздандырылууга; е) өз эмгек укугун сот аркылуу коргоого. К. төмөндөгүлөргө милдеттүү: а) өзүнүн эмгектик милдетин акниеттик менен аткарууга; б) эмгек тартибин сактоого; в)уюмдун мүлкүнө аяр мамиле жасоого; г) белгиленген эмгек ченемин аткарууга. 2) жумуш берүүчү менен эмгек мамилесин түзгөн жеке адам.
-
кызматчы
-
зат. 1. Акыл эмгегинде же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу болгон тармагында белгилүү акы алып иштеген киши, кызматкер. Айганыш — комсомолдун обкомунун кызматчысы (Байтемиров). Акмат райондук кызматчы эле (Жантөшев). - 2. Бирөөнүн кол астында малай катары кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун кылуучу киши. Кызматчысы туруучу, Тамак-ашын кайнатып (Маликов). Кызматчы болдуң болушка, Кордукту болуш кылган соң (Тоголок Молдо).
- 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүп, бирөөнүн эркин аткарган кызматкер.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Кызматчы