-
Укук
-
УКУК – 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый У.). У. жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эларалык болуп бөлүнөт. У. тутум катарында, арбиринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык У., конституциялык У., үйбүлө У-у, эмгек У-у, кылмыш-жаза У-у), тармакчаларына (м.: автордук У., мурастоо У-у ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк У-у, ишкердик У-у) ажырымдалат. У-ту салыштырма укуктаанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үйбүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык У.).
-
укук
-
зат. 1. Адамдардын коомдогу мамилелерин жөнгө, тартипке салуу үчүн мамлекеттик бийлик тарабынан белгиленүүчү жана корголуучу нормалардын, эрежелердин жыйындысы. Шайлоо укугу.
2. Бир нерсени жасоо, иш жүзүнө ашыруу үчүн мамлекет тарабынан корголуп закондоштурулган мүмкүндүк, акысы бардык. СССРдеги бардык граждандарга эмгек кылуу, дем алуу [эс алуу], билим алуу укугу берилген («Советтик Кыргызстан»).
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | укук |
Множ. число | укуктар |
Связанные слова |
---|
укуксуз |
укуксуздук |
укуктуу |
Склонение по падежам - "укук"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | укук |
Родительный Чей? | укуктун |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | укукка |
Винительный Кого?, Что? | укукту |
Местный Где?, У кого? | укукта |
Исходный Где?, У кого? | укуктан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | укуктар |
Родительный Чьи? | укуктардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | укуктарга |
Винительный Кого?, Что? | укуктарды |
Местный Где?, У кого? | укуктарда |
Исходный Откуда?, От кого? | укуктардан |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
- Укук аналогиясы
- Укук аң-сезими
- Укук белгилөөчү документ
- Укук бузуу
- Укук булагы
- Укук жөндөмдүүлүк
- Укук институту
- Укук колдонулуучу иш-тажрыйба
- Укук коргоо органдары
- Укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө колсалуу
- Укук маданияты
- Укук мамилелери
- Укук статистикасы
- Укук статусу
- Укук субъектиси
- Укук субъектүүлүгү
- Укук таануу
- Укук тармагы
- Укук тартиби
- Укук тутуму
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
укук