|
Укук
|
|
УКУК – 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый У.). У. жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эларалык болуп бөлүнөт. У. тутум катарында, арбиринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: жарандык У., конституциялык У., үйбүлө У-у, эмгек У-у, кылмыш-жаза У-у), тармакчаларына (м.: автордук У., мурастоо У-у ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк У-у, ишкердик У-у) ажырымдалат. У-ту салыштырма укуктаанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үйбүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык У.).
|