ЖАГДАН |
Же кол булгаарынын өзүнөн бүткөрүлгөн жагдан да салттуу болот. Анын мындай бети зергерчиликте бай чегеленип, күмүш бөрктүү гүл мыктар урулуп, куйма кооз топчулар чөгөрүлүп жасалган жагдандар бүгүнкү чемодандарды элестетет. Мунун да кадимки үкөктөй, сандыктай кулпу салгычы болот. Үкөктөй тактайдын жасалган жагдан да сырткы оңтоюна карата капталат. Жалаң кол булгаарыдай жасалуучу жагдан бычылып, ичи шири идиштериндей кептелип, ийине келет. Ага чөгөрүлгөн шөкөттөрдүн түрү көбүнчө куйма келет да, кемерге, көөкөргө, чыны капка түшүрүлгөн көркөмдүктөргө аябай үндөшүп, «мүйүз», «кыял» оюмдарынын элементтерин ич ара айкалышканын элестетебиз. Чиймесынпосту дагы даанарак көрсөтүү үчүн зергерлер күмүш зымчаларын имерип, атайын из калтырышат. Жагдан сандыктын кооздугу түрдүү формада түшөт. Анда көнгө түшүүчү кооздук ыроолонот. Жашык темирге күмүш жалатылып, ошол күмүш топчуларга майда көркөм оюм-чийим түшүлүп, ага «себет төгүү» жүзөгө ашат. Көбүнчө жагдандын маңдайкы бети гана мыкты көркөмдөлөт. Анын төрт бурчтуу жана бекитүүчү илгичтерине да зер жалатылат. Же күмүш жалатылган темирлер кесилип, ал оймолонот-чиймеленет. Жагданга да айнек, акак, жакут, зумуруд, инжи жана башка асыл таштарды чөгөрүшкөн. Мындай «тогуз төбөлөнгөн» анын тегерек четине улуу зергерлер «сиркелетүү» (бул — конок, таруудай майда-майда тоголок күмүш) коюшкан. Буюмга чөгөрүлгөн андай көркөм шөкөттөр көбүнчө төрт бурч тегерек көрүнөт, «күн карама», «жылдызча» өңдүү чабылат. Алар өз ара түшүрүлгөн кооздуктарды бири-биринен айырмалап турат. |
жагдан |
|
жагдан |
|
Найти все переводы слова "жагдан" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "жагдан"?
Ввойти