-
КҮРӨӨ
-
КҮРӨӨ (моңг. «хурээ» — монастырь) — эпос боюнча кечилдер турган жай. Бул тибеттен таралган ламаизм дини менен байланыштуу. 16-кылымдын экинчи жарымынан тартып, Моңголиянын бардык жерлеринде ламаизмдин «сарыбөрк» тарамы кеңири жайылган. Ар кайсы жерлерге К. курулуп, эркектердин үчтөн бир бөлүгү кечил болуп, ошол К-лөрдө жашашкан. Бул диний тарам Саякбайда кытай, калмактарга гана мүнөздүү сүрөттөлбөстөн, байыркы кыргыздардын айрымдары К-лөрдө жашагандыгы эскерилет. Эпосто кара кытайлар кыргыздарды чаап, туш-тушка сүргөнүн баяндаган окуяда жоо баатыры Молтокандын диалогунда мындайча айтылат: «Бу журтта каракчы бар, күрөө бар, Калың журт таза эмеспи, Муну кылып жүргөн бирөө бар» (Саякбай Каралаев, 1. 35). Мында ислам динин кабыл алганга чейин кыргыздар көп диндүү болуп, алардын айрым тобу кечилдик кылып К-лөрдө жашагандыгын көрсөтүп турат. Азыр да кыргыз калкы мекендеген Текес дарыясынын жээгинде К. (Калмак-Күрөө) деген жер, айыл бар, к. Кечил.
Найдены по другим направлениям
-
Күрөө
-
КҮРӨӨ – барымтага коюлган кыймылдуу мүлк барымта ээси барымта берүүчүгө өтө турган барымтанын бир түрү. Барымта жөнүндөгү келишимге ылайык барымтага коюлчу мүлк барымта ээсинин же анын ыйгарым укуктуу адамынын карамагына өткөндөн тартып, К. катары эсептелет. К-нүн эң көп таркаган түрү – жарандардын буюмдарды барымталоо менен, күрөөканадан ссуда алуусу (кара:Күрөөканага буюмдарды барымталоо).
-
Күрөө
-
Карыздык милдеттенмелерди карыз алуучунун мүлкүн кредиторго сунуштоо аркылуу аткарылышын камсыз кылуу формасы. Карызгер милдеттенмесин аткарбай койгон учурда, кредитор күрөөлүк мүлктү сатып өткөрүүдөн түшкөн каражаттардан кредиттин суммасын кайтарып ала алат. Мында, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк күрөө предметинен болушу мүмкүн.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КҮРӨӨ