Menü
Эл-Сөздүк

КАЙЧЫ

1). Чеберлердин уздук жана устачылык куралы. Күмүштү жана күмүш ордуна колдонуучу жезди, мисти, колону, калайды, нейзилберди, мельхиорду, датчалбасты жана башка заттарды кертүү-кесүү үчүн колдонулат. Анын эки жаагы калыңыраак темирден тандалат да, бир аз катуу келип, ал элпек кайчылоого шартташкан. Кайчынын кармай турган жагы баш бармак менен сөөмөйгө илингендей шакекче келип турат. Муну зергерлер «күмүш кайчы» деп да коюшат.
      2). Узчулук куралы. Жумшак нерселерди (кийиз, кездеме, тери, таар) кесүүчү кайчылардын жаагы элпегирээк келет да, сыйдараак жасалат. Кайчынын кармай турган жаагы тегерек шакекче болуп, баш бармак менен сөөмөйгө илинет. (Кайчы жаактарынын карама-каршы тургандыгынан «кайчыла» дегенден ушундай аталышы мүмкүн).

кайчы

кайчы
кайчы бакалар (зоол.)
кайчы гүлдүүлөр
кайчы куда
кайчы кулак
кайчы тумшук (зоол.)

кайчы

зат. 1. Эки миздүү тарабы бири-бирине айкаштырыла бекитилген, кармоого ылайыкталган тегерекчелери бар, бир нерсени кесүү, кыркуу үчүн колдонула. турган курал. Дарбазанын эшигине керилген кызыл лента кайчы менен кыркылды (Аалы). Оң колуна кайчы алган, Сол колуна барча алган (Тоголок Молдо). Отуздай кыркмачы келишип, кайчыларын чыртылдатып.. бошогон койду карашат (Жантөшев).
2. өт. Каршы, карама-каршы. [Жамила менен Айша].. кулк-мүнөздөрү жагынан бири-бирине кайчы келишпесе да,.. экөөнүн көңүлдөрү жакын эле (Баялинов). Кайчы өтүп кетишти.
¨ Кайчы куда к. куда. Кайчы кулак — ичке жана тик кулак (көбүнчө жылкыга карата). Эрлер минген асыл аттар бизде бар, Куран моюн, кайчы кулак, кулжа сан (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: